logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Форум Жалал-Абадда ишин улантты

117.12.2016   11:30

2016-жылдын 16-декабрында Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо”долбоорунун алкагында түзүлгөн Өз жардам топторунун “Өз жардам тобу - тынчтыктын жана өнүгүүнүн көпүрөсү” аталышындагы форуму Жалал-Абад жергесинде өз ишин улантты.

Толугураак...

Ош шаарында тегерек стол болуп өттү

1416.12.2016    15:17

2016-жылдын 15-декабрында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” уюмунун колдоосунда “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында “Өз Жардам тобу - тынчтыктын жана өнүгүүнүн көпүрөсү” форумунунун уландысы катары Ош облусундагы активисттердин катышуусунда 3 жылдык ишмердүүлүктү жыйынтыктоочу тегерек стол болуп өттү.

Толугураак...

Мыктылардын эмгеги бааланды

1115.12.2016    12:07

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан үч жылдан бери Ош облусунун Кара-Суу районунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району менен Жалал-Абад шаарындагы Ч.Айтматов аймактык башкармалыгында ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорун жыйынтыктоо таризиндеги “Өз жардам тобу тынчтыктын жана өнүгүүнүн көпүрөсү” аталышындагы форум Ош облусу боюнча өтүп жатат.

Толугураак...

“Өз Жардам тобу - тынчтыктын жана өнүгүүнүн көпүрөсү” форуму

1 115.12.2016   11:52

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” уюмунун колдоосунда үч жылдык мөөнөт менен 2014-жылы тартылып келген “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорун жыйынтыктоо багытында Ош облусунда “Өз Жардам тобу - тынчтыктын жана өнүгүүнүн көпүрөсү” аталышында форум болуп өттү.

Толугураак...

Пресс-релиз

 13.12.2016     12:39

Германиянын "Дүйнөгө нан" (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында түзүлгөн өз жардам топторунун "Өз жардам тобу- тынчтыктын жана өнүгүүнүн көпүрөсү" аттуу форуму өткөрүлөт.

Форум 14-декабрда Ош дубанында, 16-декабрда Жалал-Абад дубанында болот.

Форумдун максаты: Жергиликтүү деңгээлде элдердин тынчтыгын, ынтымагын, достугун, биримдигин чыңоо жана жарандардын көйгөйлөрүн чечүү максатында ӨЖТ күчүн бириктирүү. Форумда ӨЖТ мүчөлөрү "Этномаданият жана толеранттуулук", "Кичи ишкерлик жана жумушсуздук", "Билим жана коом", "Ички түзүлүш (инфраструктура) жана айлана-чөйрө" багыттары боюнча топтук иштерге бөлүнүшүп, долбоордун максат, маселелерин иш жүзүнө ашыруудагы жаралган ийгиликтер жана топтолгон тажрыйбаларды талкуулашат. Мындан сырткары багыттар боюнча көйгөйлөрдү аныкташып, аларды чечүү максатында форумдун резолюциясын кабыл алышат.

Форумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин райондук өкүлдөрү, айыл аймактын жетекчилери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, долбоордун аймагындагы мектептин мүдүрлөрү, ӨЖТ мүчөлөрү катышат.

Өз жардам топторунун этнофестивалы

ethnofestival16.11.2016   14:46

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Мады, Кызыл-Кыштак, Шарк айыл аймактарында жайгашкан №86 Курманжан Датка, №117 К.Маткеримов, № 16 Абу Али Ибн Сино атындагы орто мектептеринде «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган балдардын жана чоңдордун Өз ара жардам топтору “Этнофестиваль - менин аймагымда” аталышында маданий массалык иш-чараны уюштурушту.

Толугураак...

Экстремизмге каршы жүрүш

jurush416.11.2016  14:34

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын катышуусунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында түзүлгөн балдардын жана чоңдордун Өз жардам топторунун уюштуруусу менен “Биз экстремизм жана терроризмге каршыбыз” аталышындагы “Коопсуз ордо” жөө жүрүш акциясы болуп өттү.

Толугураак...

Коммунизм айылында алгачкы «Эне мектеби»

001.10.2016  12:55

Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Коммунизм айылында «Алтын балалык нуру» аталышында “Эне мектеби” пайдаланууга берилди. Аталган айылда буга чейин бала бакча болгон эмес.

Толугураак...

БӨЖТлар карылардан кабар алышты

01.10.2016   11:52

«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Ош дубанынын Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак, Шарк, Мады айыл аймактарында балдардан түзүлгөн «Жакшылык», «Ынтымак», «Достук», «Жылдыз», «Келечек жаштары», «Даанакер», «Кыргызстан», «Барсбек», «Балажан» БӨЖТ мүчөлөрү айылдагы турмуш шарты оор, ден-соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө жана карыялардын үйлөрүнө барып, алардын жашоо абалы менен таанышышты.

Толугураак...

Кыргыз тили күнү белгиленди

426.09.2016  17:27

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында уюшулган Балдардын Өз жардам топтору бир катар маданий массалык иш-чараларды активдештире башташты.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru