“Таза айыл, таза коом” акциясы
18.04.2017 14:50
Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан түзүлгөн 30 балдар өз жардам топторунун 45 мүчөсү катышкан “Таза айыл,таза коом” акциясы уюштурулду.
БӨЖТу көчөнүн оңдолушуна кызыкдар
11.04.2017 16:38
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагынын Падаван айылындагы балдар өз жардам топторунун мүчөлөрү аталган аймактын 6-чакырылышындагы айылдык кеңештин төрагасы Абдусалом Юсуповго кайрылуу кат жолдошту.
Мырзалар достук таймашта
11.04.2017 16:18
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында жайгашкан № 86-Курманжан Датка, №116- К.Маткеримов, № 16- Абу Али Ибн Сина атындагы орто мектептеринде балдардын өз жардам топторунун ортосунда «Мырзалар достук таймашта-2017» иш-чарасы уюштурулду.
"Достук" ыр кесеси
11.04.2017 16:00
Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак, Шарк, Мады айыл аймагынын жашоочуларынын арасында “Ыр кесе” уюштурулду. Анын демилгечилери аталган айыл аймактарда иштеп жаткан өз жардам топторунун өкүлдөрү. Анда айыл жашоочулары улуттук кийимдерин кийишип, тамак-аштарын дасторконго жайнатышты.
“Акылман кайнене” жана “Үлгүлүү келин”
11.04.2017 15:41
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында уюшулган өз жардам топторунун ортосунда “Акылман кайнене” жана “Үлгүлүү келин” кароо сынагы уюштурулду.
ӨЖТ мүчөлөрү Ноорузду майрамдашты
28.03.2017 18:08
Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагындагы “Байчечекей”, “Оомат” ӨЖТнун мүчөлөрү Нооруз майрамына карата сүмөлөк кайнатышты. Сүмөлөк кайнаткан учурда дайыма элдин аманчылыгы, тынчылыгы, барчылыгы тиленет.
Психологиялык жардам жаш карыга карабайт
22.03.2017 20:25
Азыр жашы да, карысы да, баласы менен кызы да психологиялык жактан жабыркап тургандыгы чындык. Себеби, анын баары барып келип эле жашоонун оош-кыйышы, чөйрөдөгү көйгөйлөр, бири ашынып байып кетсе, экинчиси нанга жетпей, кара курсактын камы менен жер безип калгандыгы.
“Чамдагыла, кыздар ай”
22.03.2017 19:49
Мына ушундай аталышта Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинде сынак болуп өттү. Ага жогорку класстын окуучулары жана мектепте уюшулган Балдардын өз жардам тобунун мүчөлөрү катышты.
Балдар акысыз эс алды
22.03.2017 19:12
Базар-Коргон районундагы БӨЖТнун мүчөлөрү Алимов Самандар менен Кадыров Ниязбек Жалал-Абад шаарындагы “Бакыт” реаблитациялык борборуна келишип, акысыз дем алып жана даарыланып кетишти. Аларды мында алып келүүгө “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин областтагы өкүлчүлүгү себепкер болду. Аталган уюм тартып келген “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун областтагы тирекчиси Абдилазиз Орозалиев мындай дейт:
Кызматташуу боюнча Меморандумдар түзүлдү
20.03.2017 18:59
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси 2010-жылдан бери Кыргызстандын түштүгүндө жашаган элдердин ынтымак, достук, биримдигин бекемдөө максатында бир нече долбоорлорду ишке ашырды. Ошолордун бири Германиянын «Дүйнөгө нан» эл аралык уюму колдоого алган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө» долбоору. Бул долбоордун 1-баскычы 2014-2016-жылга чейинки аралыкта иш жүзүнө ашкан. Уландысы 2017-жылдын январ айынан башталды. Долбоордун мөөнөтү 2017-2019-жылга чейин созулат.