logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Ар өнөргө шыктуу кыз

109.09.2016  15:07

Кундуз кичинесинен маданият кызматкери болууну самачу. Анан диктор болуп, эл алдына жаркылдап чыгып, маалыматтарды айтып турган телекызматкери да болгусу келген. Мектептеги бардык маданий массалык иштерге биринчилерден болуп катышып, ырдап, бийлеп, сынактардын жеңүүчүсү катары да таанылып жүргөн. Ошентип, ар өнөргө шык коюп жүрүп, Базар-Коргон районундагы М.Элебаев атындагы орто мектепти аяктады.

Толугураак...

Суусар айымдын демилгеси

209.09.2016   14:32

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагында Каратай аталышында чакан кыштак бар. Ал жерде ар улуттун өкүлдөрү ынтымакта, бир үй-бүлөдөй биримдикте жашашат. Жергиликтүү калк негизинен дыйканчылык менен алектенишет.

Толугураак...

Үлгүлүү “Эне мектеби”

409.09.2016   14:21

Кара-Суу районундагы “Эл-Нурай” бала бакчасы “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин демилгеси аркылуу уюшулган “Максат” Өз жардам тобу тарабынан ачылган. Мындагы өзгөчөлүк аталган бала бакча “Эне мектеби” катары иштейт.

Толугураак...

“Эне мектептеринин” саны өсүүдө

109.03.2016    11:54

Эгемендүүлүк майрамына карата “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак жана Мады айыл аймактарында уюштурулган Өз Жардам топторунун мүчөлөрү жакшы белек камдашты.

Толугураак...

Инвент коомунун АСА программасы менен «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин кызматташуусу уланууда

ASA29.07.2016   14:37

«Эрайым» АКБсы 10 жылдан ашуун убакыттан бери Германиянын Инвент коомунун АСА программасы менен кызматташып келет.

АСА штаб квартирасы Германияда болгон өнүктүрүү саясаты боюнча окутуу программасы болуп эсептелет. Программа чындык жана туруктуу өнүгүү үчүн күрөшкөн, адам укуктарын жана маданий баалуулуктарды баалаган активдүү жаш европеецтерди колдоого багытталган.

Толугураак...

Мугалимдер жана балдар үчүн жайкы англис тил мектеби-2016 башталды

Andrew29.07.2016    12:48

Адаттагыдай эле «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесине «Мугалимдер жана балдар үчүн жайкы англис тил мектеби» программасынын алкагында Улуу Британиядан ыктыярчылар келишти. Эскерте кетсек, бул долбоор «Эрайым» АКБнын ыктыярчысы Клэр Ривс айым тарабынан демилгеге алынып, 2013-жылдан бери жүзөгө ашырылып келе жатат. Долбоор CAF (Charities Aid Foundation) кайрымдуулук фонду тарабынан колдоого алынган. Белгилей кетчү жагдай, «Эрайым» АКБсы чет элдик ыктыярчылар менен 10 жылдан ашуун убакыттан бери иш жүргүзүүдө.

Толугураак...

Ачы жайлоосундагы эс алуу

ачы18.07.2016   16:46

Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “Кыргызстан”,“Жылдыз” “Достук”, “Радуга”, “Шамдагай” БӨЖТ мүчөлөрүнүн арасында ар кандай иш-чараларга жигердүү катышкан демилгелүү окуучулардын башын кошуп, жалпысынан жыйырма беш бала Нариман аймагындагы айтылуу Ачы жайлоосуна эки күндүк эс алууга чыгып келишти.

Толугураак...

Топ-Терек жайлоосундагы көңүлдүү эс алуу

топ терек 418.07.2016   16:37

Жай мезгили өкүм сүрүп, балдарбы , же чоңдорбу ушул жайдын аптаптуу күндөрүн таза абалуу, салкын аймакта, жаратылыштын кооз кучагында эс алууну самайт. “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош областындагы активисттери да мына ушундай жагдайды эске алышып, аталган уюм тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында уюшулган Балдардын Өз Жардам топторунун мүчөлөрүнө жагымдуу эс алуу уюштуруп беришти.

Толугураак...

Мадыда «Эне мектеби» ачылды

мадыэне мектеби18.07.2016  16:17

Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл аймагынын Дормастер айылында «Ырыскы», «Жакшылык» ӨЖТ мүчөлөрүнүн демилгеси менен мектепке чейинки жыйырма баланы тарбиялоо милдетин алган «Наристе» “Эне мектеби” ачылды. Бул иш-чарага “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош областындагы активисттери да чоң жардам беришти.

Толугураак...

Кашкар-Кыштакта “Эне мектеби” ачылды

кашка суу эне мектеби 218.07.2016   15:58

Айыл жергесинде балдар бакчалары дээрлик жокко эсе, болсо да жетишпейт. Андыктан балдар ысыкта да, суукта да сыртта ойношуп, кароосуз калышат. Айрым балдардын ата-энелери сыртта иштеп, алар чоң ата, чоң энелеринин же туугандарынын колунда калган. Мына ушундай жагдайды эске алган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси “Эне мектебин” ачууну ишке ашырып келет.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru