Экстремизмге каршы жүрүш
16.11.2016 14:34
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын катышуусунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында түзүлгөн балдардын жана чоңдордун Өз жардам топторунун уюштуруусу менен “Биз экстремизм жана терроризмге каршыбыз” аталышындагы “Коопсуз ордо” жөө жүрүш акциясы болуп өттү.
Жөө жүрүш жаштардын экстремизм, терроризм жана терс көрүнүштөргө кириптер болуусунун алдын алуу, жаштарга туура жолду түшүндүрүү максатында уюштурулган. Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Арстан Жолдошов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мечит имамдары, диний кызматкерлер, мугалимдер, медицина кызматкерлери , окуучулар ошондой эле жергиликтүү тургундардан куралган жалпы 2000ден ашуун жарандар катышышты. Жөө жүрүш акциясы жалпы 2 чакырымга созулуп, экстремизм жана терроризмге каршы лозунгдарды көтөрүү менен калктуу конуштардагы көчөлөрдү кыдырып, элди бейпил жашоого, ынтымак менен достукка үндөгөн чакырыктарды ташташты.
Эрлан Давлатов, Ош областы