БӨЖТлар карылардан кабар алышты
01.10.2016 11:52
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Ош дубанынын Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак, Шарк, Мады айыл аймактарында балдардан түзүлгөн «Жакшылык», «Ынтымак», «Достук», «Жылдыз», «Келечек жаштары», «Даанакер», «Кыргызстан», «Барсбек», «Балажан» БӨЖТ мүчөлөрү айылдагы турмуш шарты оор, ден-соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө жана карыялардын үйлөрүнө барып, алардын жашоо абалы менен таанышышты.
Ошол эле мезгилде алардын маанайын көтөрүү максатында атайын концерттик программа түзүшүп, ырдап, бийлеп, оюн-тамаша уюштурушту.
Эрлан Давлатов