Үлгүлүү “Эне мектеби”
09.09.2016 14:21
Кара-Суу районундагы “Эл-Нурай” бала бакчасы “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин демилгеси аркылуу уюшулган “Максат” Өз жардам тобу тарабынан ачылган. Мындагы өзгөчөлүк аталган бала бакча “Эне мектеби” катары иштейт.
Андагы балдарды тарбиялоого негизинен Өз жардам тобунун мүчөлөрү тартылышкан. Ошол эле мезгилде мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, билим тарбия берүү да мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлөт. Быйылкы “Тарых жана маданият” жылында бул бакчада бир катар маанилүү, маданий-массалык иш-чаралар уюштурулду. Кичинекейлерди мекенди сүйүүгө, кыргыз жеринин касиеттүүлүгүн, кооздугун жана керемет жайларын таанытууга, достук менен ынтымакка тарбиялоодо изденүүчүлүк менен иш алып барышат. Жакында бала бакчадагы тарбиячылардын аракети менен Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата “Менин мекеним- 25 жашта” аталышында иш-чара өткөрүлдү. Балдар Кыргызстан, Ата-Журт, Мекен тууралуу ырларды ырдашып, “Кыргыз бийи”, “Кара жорго” сыяктуу кыргыз бийлерин бийлешип, бул боюнча сынактар уюштурулду. Ал кечеге “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош облусундагы активисттери катышышып, бул “Эне мектебиндеги” жалпы иштин жүрүшүн, андагы жасалгаларды көрүп, “Үлгүлүү “Эне мектеби” деп аташты. Ошондой эле мында келген башка ӨЖТлардын мүчөлөрү тажрыйба алмашып, көптү көрүп кайтышты. Бул боюнча маалыматты “Эрайым” АКБсынын Ош облусу боюнча коомчулук менен байланыш кызматкери Эрлан Давлатов маалымдады.
Бактыкан Ажымаматова