logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

“Эне мектеби” балдарды мектепке узатты

520.06.2017    17:07

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагына караштуу Жараке айылында жайгашкан “Ынтымак” “Эне мектеби” өз окуучуларын мектепке узатты.

Толугураак...

Таанылган өнөр адамы болууну самайт

220.06.2017   16:53

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында долбооорго кирген мектептерде иштеп жаткан ийримдер балдардын талантын ачууга, өнөрүн өркүндөтүүгө, келечекте туура жол, туура кесип тандап алууларына жакшы шарт жаратып жаткандыгы ачык эле байкалууда.

Толугураак...

Балдар биздин бактыбыз

220.06.2017    16:28

Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата, Ош шаарындагы кыймыл-таяныч-тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелеген балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборунда "Балдар биздин бактыбыз" аталышындагы иш-чара 2017-жылдын 1-июнунда болуп өттү.

Толугураак...

Ош жана Жалал-Абаддагы Эне мектептердин тажрыйба алмашуусу

120.06.2017   15:48

Бүгүнкү күндө Ош областынын Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында көптөгөн ата-энелер жумушсуздуктун айынан сырткы миграциянын курмандыгы болууда. Анын себебинен улам алардын балдары чоң ата, чоң энелердин же алыскы туугандарынын колунда калып, бала-бакчалардын жана каражаттын жетишсиздигинен улам баштапкы билимди албай калуу көйгөйүнө дуушар болушууда.

Толугураак...

Улгайгандарга урмат

19.06.2017   18:32

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин бекемдөө” долбоору 2014-жылдан бери Ош жана Жалал-Абад облустарынын бир катар айыл аймактарында ишке ашырылып келет. Мында айыл калкынын достугун жана биримдигин чыңдоо аракеттерине айыл калкынын акивдүүлүгүн көтөрүү, алар тараптан жакшы жашоого карата умтулуу демилгелери, топ болуп иш алып баруу маселелери да башкы орунга коюлган. Бул максатта долбоорго кирген аймактарда чондордун Өз жардам топтору уюшулуп, эки облустун ар биринде отуздан ӨЖТлар иштеп жатат.

Толугураак...

Миргел Кытайга барат

China19.06.2017    18:06

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып, Германия мамлекетинен “Дүйнөгө нан” уюму каржылап келген “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору 2017-жылдан тартып ишин кайрадан уланткан.

Толугураак...

“Эне мектептерге” куурчак театры көрсөтүлдү

pupet theatre016.06.2017   16:33

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районундагы Шарк, Мады жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарында уюшулган “Эне мектептеринде” тарбияланып жаткан балдарга “Акылы жок Бектурсун” аталышындагы жомок тартууланды.

Толугураак...

Англис тил ийриминин лидер үйрөнүүчүлөрү

ZokirovaHadicha12.06.2017   15:49

Германиянын "Дүйнөгө нан" (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында Ош областынын Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагындагы №16-Абу Али ибн Сина, Мады айыл аймагындагы № 86-Курманжан Датка жана Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы №117- К. Маткеримов атындагы орто мектептеринде 2017-жылдын февраль айынан баштап англис тил ийрими ачылып, ага балдар өз жардам топтору жана мектеп окуучуларынан 35 бала активдүү катышып жатышат.

Толугураак...

Муктаждыкты чечүү үчүн ишкердикке бир кадам

312.06.2017    15:20

“Эрайым” АКБсы тарабынан уюшулган Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы ӨЖТ мүчөлөрү “Данида” коомдук уюму тарабынан уюштурулган он бир күндүк “Сүттү кайра иштетүү жана малдын ветеринариясы” темасындагы окуу көнүгүмгө катышып, күбөлүктөргө ээ болушту. Катышуучулар аталган көнүгүмдүн алкагында сүттөн быштак, эжигей (брынза), йогурт, курут, коютулган сүт (сгущёнка), каймак (сметана), айран, кефир жана майлуу айран (ряженка) азыктарын жасоонун технологияларын тажрыйбалык түрдө үйрөнүштү. Бүгүнкү күндө “Татына”, “Оомат”, “Жакшылык” жана “Ырыскы” өз жардам топтору биргелешип кичи ишкерлик жүргүзүүгө багыт алышты. Аталган топтордун мүчөлөрү биргеликте сүт азыктарын өндүрүшүп, базарга сатууга чыгаруу аркылуу кошумча киреше табууга биригишти.

Толугураак...

ӨЖТлар “Энелер күнүндө”

elechek229.05.2017   16:04

Ош облусунда “2017-Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата өткөрүлгөн “Эне адеп, ыймандын символу” аталышындагы иш чара айтылуу Сулайман тоосунда өткөрүлдү.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru