“Өкмөттүк эмес уюм жана анын чөйрөсү” көнүгүмү ийгиликтүү жүрдү
17.07.2017 17:50
Германия мамлекетинин “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун каржылоосу менен “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында уюшулган Балдардын өз жардам топтору үчүн “Өкмөттүк эмес уюм жана анын чөйрөсү” аталышындагы көнүгүм жыйынтыкталды. Аны аталган уюмдун машыкчылары Жанара Рыскулова менен Венера Бабидиновалар алып барышты.
“Эне мектебиндегилердин” жайлоодогу эс алуусу
17.07.2017 17:37
Айыл жергесинде иштеп жаткан саналуу гана Балдар бакчаларын эске албаганда элеттиктер дээрлик мындай жайларга муктаж болуп келет. Ошол себептүү айылдагы балдар кароосуз калышат, балалыктын эң сонун учурун боштукта гана өткөрүп жиберишет.
Долбоорго жаңы машыкчыларды даярдоонун 2-айлампасы жыйынтыкталды
07.07.2017 16:50
“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун “Өз жардам топторунун мүчөлөрүнүн дараметин көтөрүү” компонентин ишке ашыруу үчүн жергиликтүү машыкчыларды даярдоо жараяны кайра уланууда.
Үч мектептеги форум театрдын катышуучулары бир максатты көздөшөт
07.07.2017 12:40
Ош областынын Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алып, “Эрайым”АКБсы ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган форум театр ийриминде бүгүнкү күндө жалпы үч мектеп боюнча 34 мүчө катышып билим алууда.
Ынтымак ырыскысы кошунадан кошунага
07.07.2017 12:20
“Ынтымак ырыскысы кошунадан кошунага” деген аталыш менен Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл аймагына караган Дормастер айылынын демилгелүү кыз-келиндери атайын акция уюштурушту.
2017-жылдын 29-майынан 9-июнуна чейин болуп өткөн Чаек мугалимдери үчүн Жайкы Англис тил мектеби жөнүндө кыскача баян
02.07.2017 18:08
Тажрыйбалуу үч Британ мугалими Кыргызстандын Жумгал өрөөнүнө келип Жумгал районун англис тил мугалимдерине билимдерин жана жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берип кетишти. Бул курс Чаекте 29-май жана 9-июнь аралыгында болуп өттү. Жыйырма сегиз мугалим күн сайын талыкпай эртең мененки саат 9:00дөн кечки 15.00гө чейин сабактарды калтырбай катышышты. Алар шаардагы Алма Абакированын кафесинен чогуу тамактанып жатышты, бул кафе “Эрайым” уюму тарабынан түзүлгөн өз жардам топторунун бири тарабынан иштетилип жаткан кафе.
ӨЖТнун зертөөчүлөрүнүн (эксперттеринин) кеп-кеңеши
28.06.2017 20:15
21-23-июнга чейин “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун ынтымагын жана биридигин чыңдоо” долбоорунун зертөөчүлөрү (эксперт) Кошумбаев Абдылас менен Сепишева Эльмира Жалал-Абад дубанынын Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон, Ош дубанынын Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы долбоор боюнча ӨЖТнун Биримдигин түзүү үчүн тандалып алынган 36 ӨЖТнун жетекчи, эсепчи, катчыларына кеп-кеңеш берип келишти.
Америка бурчуна экскурсия
28.06.2017 19:43
20-июнда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагындагы №16-Абу Али ибн Сино мектебинде “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун негизинде “Эрайым” уюму тарабынан уюшулган англис тил ийримине катышкан 15 окуучудан 7 окуучу тандалып, Ош облустук китепканада жайгашкан Америка бурчуна экскурсияга барышты. Бул англис тили ийриминин жетекчиси Ашуралиев Илёсбектин демилгеси эле.
Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева «Эне мектептерге» колдоо көрсөтүүдө
22.06.2017 18:45
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын кайсыл аймагын албайлы көптөгөн ата-энелер жумушсуздуктун айынан сыртка чыгып, мигрант болуп жатышат. Ал эми алардын балдары чоң ата, чоң энелердин жана туугандарынын колунда калып, негизи жетиштүү тарбия албай жатышкандыгы ачуу чындык.
“Эне мектебиндеги” салтанат
20.06.2017 17:19
Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму каржылап, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып келген “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда уюшулган “Эне мектептеринин” катарын Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагына караштуу Базар-Коргон айылында жайгашкан “Периште” бала бакчасы толуктайт.