logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Анника Беккердин иш сапары

AnnikaBeckers visit120.03.2017   16:51

Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун Борбордук Азия жана Кавказ боюнча программалык координатору Анника Беккер айым “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жамааты менен жолугушту. Аталган бирикме тарабынан бул уюмдун каржылоосунда ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоору кандайча ишке ашырылып жаткандыгы менен таанышты.

Толугураак...

“Дүйнөгө нан” уюмунун өкүлдөрү “Эрайымда”

meetingwithBROT215.03.2017   13:04

2017-жылдын 9-марттында Германиялык “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун өкүлдөрү Жакынкы Чыгыш, Кавказ жана Борбордук Азия бөлүмүнүн жетекчиси Илонка Болтз жана Түштук Кавказ жана Борбордук Азия боюнча программа жетекчиси Аникка Беккер менен “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесине иш-сапар менен келишти.

Толугураак...

“Эне тил” күнү белгиленди

langholiday13.03.2017   18:30

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы №16- Абу Али Ибн Сина, №86-Курманжан-Датка, № 117-К.Маткеримов атындагы орто мектептептеринде “Эне тил” майрамы өткөрүлүп, ага аталган мектептердин окуучулары, ошондой эле БӨЖТ мүчөлөрү «Ынтымак», «Радуга», «Достук 1», «Навбахор», «Ак-Ниет 1», «Ак-Ниет 2», «Ыйман нуру 1», «Ыйман нуру 2», «Ширин», «Келечек», «Кыргызстан», «Достук 2» жана өз жардам топтору, «Эрайым» АКБсынын Ош облусундагы кызматкерлери катышты.

Толугураак...

Мектептеги тегерек стол

roundtable210.03.2017  09:50

“2017 - ыйман, адеп жана маданият жылына” карата Ош шаардык жана Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмдөрү балдарды ыймандуулукка, адептүүлүккө жана маданиятуулукка тарбиялоо жана балдар арасындагы ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулук, мектеп рекетчилиги, суицидге каршы күрөшүү багытында атайын иш-чара бекиткен.

Толугураак...

Эне мектеби кичинекейлерге кам көрөт

maternalsch417.02.2017   16:52

Кыргызстанда мектеп жашына чейинки балдарды камкордукка алуу жагынан кыйла өксүктөр бар. Союз мезгилиндеги балдар бакчалары дээрлик менчиктештирилип, талкаланып, кучагына жүздөн, төрт жүз, беш жүз баланы камтыган мындай жайлар бир эле адамдын колуна өтүп кеткендиги жашыруун эмес. Бирок, кайрадан мамлекетке алынып, мурдагыдан да жакшы абалга келтирилип, заман талабына жараша жасалгаланып, иштеп жаткандары да бар.

Толугураак...

Адептүү болуш ыйманыңдан жана маданиятыңдан

culture117.02.2017   16:32

Быйылкы жыл Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык “Адеп, ыйман жана маданият жылы” деп аталды. Ага карата билим берүү мекемелеринде, маданий, социалдык, дегеле бардык тармактар, анын ичинде бейөкмөт уюмдар ар кандай багыттагы иш чараларды белгилеп,жыл ичинде аткара турган иш багыттарын тактап алышты.

Толугураак...

Абу Али Ибн Сино атындагы №16-орто мектептин балдары жаңы заманбап мектепти куруу демилгесин көтөрүштү

modschool2

17.02.2017   16:02

Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагынынын Падаван айылында жайгашкан №16-Абу Али Ибн Сина атындагы орто мектебинде «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан түзүлгөн балдар өз жардам топтору (БӨЖТ) тарабынан уюштурулган «БӨЖТ мүчөлөрү жаңы мектеп курушат» аталышындагы иш-чарасы өткөрүлдү. Мындагы негизги максат аталган орто мектептин имаратынын эскилиги жеткендиги жана жаңы имарат куруу зарылдыгы тургандыгы себеп болду.

Толугураак...

Өз жардам топтору жардам беришти

jardam117.02.2017   11:48

Ушул жылдын 16-январдын таңында Бишкек шаарынан отуз чакырым алыстыкта жайгашкан “Манас” эл аралык аэропортунун жанындагы “Дача-Суу” айылында болгон кырсык жалпы элибизди кайгыга салды. Туркия мамлекетинин жүк ташуучу самолету айылга келип кулап, бир заматта отуздан ашуун жарандарыбыздын өмүрүн алып кетти.

Толугураак...

Түштүк жергесинде элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөөгө багытталган долбоордун уландысы колдоого алынды

2227.01.2017    17:31

2014-жылдан бери ийгиликтүү жүзөгө ашырылып келген Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоору дагы 2,5 жылдык мөөнөткө узартылды.

Толугураак...

Жалал-Абаддагы тегерек стол

921.12.2016   15:32

2016-жылдын 17-декабрында Германия мамлекетинин ”Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан 2014-жылдын январь айынан бери иштеп келе жаткан ”Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы №5 Токтогул Сатылганов атындагы, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинде, Жалал-Абад шаарындагы №7-Алым Усман атындагы орто мектепте түзүлгөн сегиз ийримдин жетекчилери үч жыл аралыгында жасаган иштери боюнча маалымат беришип, тегерек столго жыйналышты.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru