Элдик чогулуш
29.05.2017 15:32
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айыл аймагына караштуу Правда айылынын тургундары, айыл активисттери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ата-энелер катышкан чоң элдик жыйын өттү.
Жумгал районунун мугалимдери үчүн 2017-жылкы жайкы англис тил курстары
24.05.2017 15:35
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Улуу Британиянын Charities Aid Foundation (CAF) кайрымдуулук фонду тарабынан колдоого алынган “Мугалимдер үчүн жайкы англис тил курстары” долбоору өз ишин улантат.
Үч мектепте форум-театр уюштурулду
24.05.2017 14:30
Германиянын "Дүйнөгө нан" (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, биримдигин жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында Ош областынын Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы №16-Абу Али ибн Сина, №117-К.Маткеримов, №86- Курманжан-Датка орто мектептеринде форум-театр ийрими уюштурулду.
“Жашыл аймак” акциясы
24.05.2017 13:50
Ош областынын Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында өткөрүлгөн “Жашыл аймак” акциясына “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан түзүлгөн ӨЖТ топторунун мүчөлөрү да активдүү катышышты. Мады айыл аймагында “Дөлөт”, “Достук”, “Оомат , “Жакшылык” топ мүчөлөрү төрт чакырым аралыкты түзгөн аймактагы чоң жана кичине көчөдөгү арыктар тазаланып, андан соң 122 түп мөмөлүү дарактар, 256 даана тал терек, 230 түп ар түрдүү гүлдөр эгилди.
“ТАЗА СУУ ӨМҮР БУЛАГЫ”
17.05.2017 14:00
Ош облусунун Кара-суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган ӨЖТ мүчөлөрдүн демилгеси менен “Таза суу өмүр булагы” аттуу иш-чара уюштурулду.
Балдар Өз жардам топторунун футболдук таймашы
17.05.2017 13:38
Мектеп окуучуларынын ортосундагы достукту бекемдөө жана алардын активдүүлүктөрүн көтөрүү багытында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун, биримдигин жана ынтымагын бекемдөө” аталышындагы долбоор ишке ашырылууда.
Мачак айылындагы алгачкы «Эне мектеп»
17.05.2017 13:23
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагынын Мачак айылында ушул кезге чейин бала бакча болгон эмес. Айылда он миңге жакын калк жашаса да, кичинекейлер үчүн эч кандай камкордуктар көрүлбөгөн.
Долбоорго бейлөө жүргүзүлдү
17.05.2017 11:31
Быйылкы жылы “Дүйнөгө нан” уюму “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорун улантышты. Долбоорго мурунку долбоордо көрсөтүлгөн аймактар эле камтылган.
Долбоорго жаңы машыкчылар даярдалууда
21.04.2017 10:15
“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун “Өз жардам топторунун мүчөлөрүнүн дараметин көтөрүү” компонентин ишке ашыруу үчүн жергиликтүү машыкчыларды даярдоо жараяны башталды.
Эне мектептеринин жетекчилери “Эрайымдын” кеңсесинде
18.04.2017 16:35
“Эрайымдын” Германиялык “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган 2014-2016-жж. аткарылган “Салттык жана заманбап уюмдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө достук жана ынтымакты бекемдөө” долбоорунун алкагында 40 эне мектеби түзүлгөн.