Окуучунун сүрөт көргөзмөсү
16.05.2016 15:37
Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектепте анын 10-классынын окуучусу Курстанбек уулу Бектурдун сүрөт көргөзмөсү өттү.
«Келгиле достор, китеп окуйбуз»
16.05.2016 15:22
“Китеп билим булагы” демекчи, китеп аркылуу адам баласы билимин өркүндөтөт, аң-сезимин өстүрөт. Ошондон улам да “билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деп да айтылат.
“Кыйылган өмүр” форум театры
13.05.2016 19:20
Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинде иш алып барып жаткан “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин психолог-тренерлери Калдарбекова Жылдыз менен Назаралиева Дилфузанын жетекчилиги алдында форум театры өткөрүлүп, анда окуучулар “Кыйылган өмүр” сценкасын даярдашып, андагы окуяларды, алган обьектини жана каармандар тууралуу ой-айтууну окуучулардын талкуулоосуна коюшту.
Манасчылар кербени
15.05.2016 18:06
Быйылкы “Тарых жана маданият” жылына карата азыркы муунду кыргыз элинин тарыхын билүүгө, ата-бабаларыбыздын басып өткөн таржымалынан кабардар кылууга Манас эпосунун таасири чоң.
«Супер келинчек - 2016» аныкталды
13.05.2016 17:44
Ош дубанынын Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарынын тургундары үчүн «Супер келинчек – 2016 » кароо сынагы Шарк айылында жайгашкан № 16 - Абу Али Ибн Сина атындагы орто мектебинде «Үйүң тынч - Аалам тынч» деген ураан менен өткөрүлдү.
Жашап жаткан чөйрөнү жашылдандыруу
08.04.2016 11:03
Жаз келип, бардык аймактарда айлананы көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жаткан кезде Ош областынын Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы ӨЖТ менен БӨЖТлардын мүчөлөрү четте карап турбастан, алар да өз айылдарынын көчөлөрүнө, бош жаткан аянттарга гүлдөрдү жана бак тигүүнү колго алышты.
Жаңы “Эне мектеби”
01.04.2016 15:35
Ош областынын Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын Мады айылынын П. Беделов атындагы көчөнүн демилгелүү тургундарынын башын кошкон “Достук” Өз жардам тобу айыл үчүн көп жакшы иштерди аткарып жатышат.
“Эне мектеби” ачылды
27.03.2016 14.05
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” аталышындагы долбоордун алкагында иш алып барган Ош облусуна караштуу Шарк айыл аймагындагы Шарк айылынын Садиков атындагы көчөдө уюшулган “Ыйман нуру” Өз жардам тобунун аракети менен “Эне мектеби” ачылды.
Таланттуу бала Оллаер
26.03.2016 19:02
Оллаер Содиков азыр 13 жашта. Ал Жалал-Абад шаарындагы №7-мектепте окуйт. Мектептеги башка курбулары сыяктуу эле билим алуу башкы максаты болчу. Мектепке “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тартып келген “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо”долбоорунун алкагында уюшулган комуз ийрими келгени анын жан дүйнөсүндө өзгөрүү башталып, ушул аспапты үйрөнүүгө баш ура баштады.
Балдар Ноорузду майрамдашат
25.03.2016 13:12
Жалал-Абад шаарындагы №7-орто мектебиндеги Балдардын Өз жардам топторунун мүчөлөрүнүн жана ушул мектепте “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган ийримдердин катышуучулары Нооруз майрамын белгилешти.