logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Нооруз- ынтымактын, достуктун майрамы

23.03.2016    10:15

Адатта Нооруз-жаңы күн, жаңы жылдын башталышы марттын жыйырма бирине туш келгени менен бул майрамды март ичи шаңдуу майрамдаша берет. Ал азыр да жер-жерлерде кызуу уланып жаткан учур.

Толугураак...

Айылдык балдарга англис тилин үйрөткөн эжеке

Айпери Салибаева окуучулар менен30.04.2016   17:04

Айпери Салибаева Базар-Коргон районунун Акман айылындагы мектептен билим алган, айылдык кыз. Чет тилин үйрөнүүгө болгон аракети мектеп партасынан башталып, анан Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетине тапшырат.

Толугураак...

Поэзия ыргагы

 “Эрайымга” ырахмат

Ар кимде бар ар тилек, ой-кыялы
“Тилегим ишке ашса” деп, самайт баары
А бирок, аны ишке ашырууга
Мээримдүү адамдардын керек экен жардамы.

Толугураак...

Келечекте котормочу болсом дейм

30.04.2016   15:38

Мен Бубу-Зейнеп Абсаламова Базар-Коргон районундагы Ысак уулу Тешебай атындагы №35 орто мектепте окуймун. “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” аталышындагы долбоордун негизинде түзүлгөн Балдардын өз жардам тобуна мүчө болуу менен ушул долбоор аркылуу иштеп жаткан Англис тили ийримине эки жылдан бери катышып келе жатамын.

Толугураак...

Жаш шахматчылардын турнири

04.02.2016   17:48

Ош дубанынын Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын № 86- Курманжан Датка атындагы орто мектебинде «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттуу жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин ортосунда достукту жана ынтымакты чыңдоо” долбоору боюнча уюшулган шахмат ийриминин жетекчиси Алимахан Наржигитованын уюштуруусу менен Балдардын Өз жардам топторунун арасында шахмат оюну боюнча турнир өткөрүлдү. Ага «Тумар», «Дөөлөт», «Ынтымак», «Жакшылык», « Оомат» БӨЖТларынан жалпы 20 окуучу катышты. Балдарды спорттун бул түрүнө машыктырып гана тим болбостон,акыл оюну аркылуу балдардын ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдоо максатын көзлөгөн бул турнирдин жыйынтыгы менен 1-орунду Анарбай кызы Орозгүл, 2-орунду Замирбек кызы Жасмина, 3-орунду Кылычбек кызы Диана алып, баалуу белектер менен сыйланышты. Ал эми активдүү катышкандар Турдубай уулу Бексултан жана Нурлан уулу Арзыбектер да сыйлыктан кур калышкан жок. болду. Мындай иш чара мындан ары да тез-тез өткөрүлүп туруларын долбоордун коомчулук менен байланыш түзүү адиси Эрланбек Давлатов билдирди. 

Бактыкан Ажымаматова 

“Нооруз” майрамы - мектепте

NooruzOsh012.04.2016    18:07

Ош областына караштуу Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагынын Кош-Таш айылында жайгашкан Абу Али Ибн Сина атындагы орто мектебинин окуучуларынын катышуусунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин активисттеринин уюштуруусу менен “Нооруз - жаңы күн” майрамы өттү.

Толугураак...

Пайдалуу семинар

Семинардын катышуучулары05.03.2016   14:47

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып келе жаткан Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин ынтымагын жана достугун чыңдоо” долбоору боюнча иш алып барган адистердин катышуусунда Кара-Суу районундагы Курманжан датка атындагы орто мектебинде эки күндүк семинар тренинг өткөрүлдү.

Толугураак...

Достук майрамы өттү

Достук майрамы105.03.2016   13:20

Ош дубанынын Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагына караштуу Кош-Таш айылында жайгашкан № 16- Абу Али Ибн Сина атындагы орто мектепте окуучулардан түзүлгөн «Радуга», «Ынтымак», «Навбахор», «Ак-Ниет 1», «Ак-Ниет 2», «Ыйман нуру 1», «Ыйман нуру 2», «Достук 1», «Ширин», «Келечек», «Кыргызстан», «Достук 2» Балдар Өз жардам топторунун катышуусунда “Достук” майрамы өткөрүлүп, анда ар улуттун каада-салттары көрсөтүлүп, ырлары аткарылып, бийлери бийленди.

Толугураак...

“Театр фестивалына” балдар да катышты

Театралдык фестиваль05.03.2016   12:58

“2016-жыл-Тарых жана маданият” жылы катары кабыл алынган жыл башынан бери бул багытта ар кандай иш чаралар өтүп жатат. Ага мектеп окуучулары да активдүү катышып жатышкандыгы байкалат. Ушул максатта Ош шаарында Рыспай Абдыкадыров атындагы областтык филармониясында мектеп окуучулар арасында “Театр фестивалы” өткөрүлдү.

Толугураак...

“Иш жасасаң, майдадан башта”, Арстанбек Жолдошев, Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагынын башчысы

Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы05.03.2016   11:44

- Арстанбек мырза, сизди маекке тартканыбыздын себеби, Сиз башында турган Шарк айыл аймагы менен “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси кыйла жылдардан бери кызматташ болуп келет. Аталган уюм тууралуу эмнелерди айта аласыз?

Биз «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси менен төрт жылдан бери келишимдик негизде түзмө-түз иштешип келебиз. Аталган уюмдун жетекчиси Рахила Жусупова жана бул уюмдун Ош дубаны боюнча тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева айымдар менен биргеликте бир топ жумуштарды жасай алдык.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru