Демилгелүү аракет-жакшы жашоого өбөлгө
18.07.2016 13:47
Түштүк Корея мамлекетинин бул өлкөнү кризистен чыгарып, калкынын жашоосун жогорулатууга чоң өбөлгө берген “Жаңы айыл кыймылынын” Сэмаыль Ундон программасы азыркы кезде дүйнөнүн 20дан ашуун мамлекет колдоого алып, өнүгүүнүн тажрыйбасын колдонуп жатышат. Анткени аталган программа элдин демилгелүү аракетин колдоп, “балык жегенди эмес, кайырмакты колго берип, балык кармоону” үйрөтөт. “Мамлекет мага бериш керек” деген принцип менен жашабай, “мен мамлекетке беришим керек” деп, жоктон барды жаратууга жол ачып берет.
Эки күндүк көнүгүм Бишкекте болуп өттү
17.06.2016 11:07
2016-жылдын 6-7-июнунда Германиянын «Дүйнөгө нан» (Brot fur die Welt) эл аралык уюмунун Жакынкы Чыгыш, Түштүк, Кавказ жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн долбоорлорду бейлөө (мониторинг) жана баалоо боюнча консультанты Нивес Коник (Nives Konik) айым «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинде болду.
Орус тилин үйрөнүү – заман талабы
17.06.2016 10:43
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан эки жарым жылдан бери колго алынган “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” аталышындагы долбоордун алкагында Ош дубанына караштуу Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында жайгашкан №16-Аби Али Ибн Сино, № 117- К. Маткеримов, № 86- Курманжан Датка атындагы орто мектептеринде сегиз ийрим түзүлүп, балдар акысыз ал ийримдерге катышып, кошумча билим алышууда жана өнөр үйрөнүшүүдө.
Достук жазы – 2016
17.06.2016 10:23
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” атылышындагы долбоордун алкагында Ош дубанына караштуу Кара-Суу районундагы бир катар мектептерде иштеп жаткан кол өнөрчүлөр, комуз жана бий ийримдеринин катышуучуларынын ортосунда Курманжан датка атындагы орто мектептин залында “Достук жазы-2016” иш чарасы уюштурулду.
“Энелер мектеби” энелердин жакын жардамчысы
17.06.2016 10:00
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош облусу боюнча коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Эрлан Давлатовдун билдиргенине караганда Бишкек шаарындагы “Акжол” балдар бакчасынын мүдүрү, “Эне мектеби” ресурстук борборунун жетекчиси Дильнара Майкулакова атайы келип, аталган коомдук бирикменин бул областтагы активисттери менен жолугушту жана атайын окуутууларды да өткөрдү.
Меймандар менен эс алуу
24.05.2016 14:12
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагында жайгашкан Курманжан датка атындагы орто мектептеги Балдардын Өз жардам топторунун мүчөлөрү Америка жергесинен келген ыктыярчы Эндрю Шенен менен жолугушту.
Падаван айылында жаңы “Эне мектеби” ачылды
21.05.2016 11.45
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош областындагы активисттеринин демилгеси жана аракети менен Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагына караштуу Падаван айылынын Мадымар көчөсүнө “Эне мектеби” ачылды.
Экс-Президент эл арасында болду
21.05.2016 11:07
Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти, коомдук ишмер, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун түзүүчүсү Роза Отунбаева Кара-Суу районундагы Мады, Шарк жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулуп, элет калкынын жашоо маданиятына омоктуу салым кошуп жатышкан Өз жардам топторунун мүчөлөрү менен жолукту.
Китеп - жан дүйнө азыгы
20.05.2016 15:00
“Азыр мектептерде көркөм чыгармалар түгүл, окуу китептери да окулбай, балдар жалаң кол телефонуна азгырылып, Интернеттен гана баардык маалыматтарды алып калышты” деген божомолдорду Канайым Курбанбаева жокко чыгарат.
Мектептеги иш-чара
16.05.2016 16:10
Базар-Коргон районундагы Токтогул атындагы орто мектепте “Тарых жана Маданият” жылынын урматына “Тарыхта калган маданият” аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү.