Манасчылар кербени
15.05.2016 18:06
Быйылкы “Тарых жана маданият” жылына карата азыркы муунду кыргыз элинин тарыхын билүүгө, ата-бабаларыбыздын басып өткөн таржымалынан кабардар кылууга Манас эпосунун таасири чоң.
Андыктан жер-жерлерде Манас айтуу боюнча атайын маанилүү иш чаралар өтүп жатат. Мына ушундай иш мерчемдеринен “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош облусу боюнча активисттери да четте калбай, айрыкча Өз жардам топтору активдүүлүктөрүн көрсөтүп жатышат. Аталган уюмдун Ош облусу боюнча коомчулук менен байланыш кызматынын кызматкери Эрлан Давлатовдун билдирүүсүндө “мындай иш-чараны Кара-Суу районундагы Мады, Кызыл-Кыштак, Шарк айыл аймагындагы Балдардын Өз Жардам топтору уюштурган. Манас айтууга шыгы бар балдар айылдык маданият үйүнө жыйналышып, “Манас” эпосунун бардык варианттарынан кыраатын келтире айтышып, чоңдорду таң калтырышты. Алар бкул эпос аркылуу мекенди сүйүүгө, тарыхты билүүгө ынтызар экенин билдиришти”- дейт ал.
Кошумчалай кетүүчү жагдай “манас” айтууну башка улуттун балдары да колго алышкан жана ушул күнү алардын айтуусундагы эпостон үзүндүлөр көпчүлүктүн купулуна толду.
Бактыкан Ажымаматова