logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

“Эрайымдын” кербени Ишкаванга келди

Эл менен жолугушуу05.03.2016   11:29

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош облусундагы бөлүмүнүн активисттери атайын “Кербен жүрүшүн” башташып, алар бүгүн алгачкы сапарын Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Ишкаван айылынын тургундары менен жолугушуудан башташты. Бул боюнча аталган уюмдун областтагы коомчулук менен иштөө кызматкери Эрлан Давлатов маалымдады.

Толугураак...

“Жылдын мыкты окуучусу” аныкталды

jmo205.03.2016  11:15

Ош дубанынын Кара-Cуу районундагы Шарк айыл аймагына караштуу Кош-Таш айылында жайгашкан № 16- Абу Али Ибн Сина атындагы орто мектепте «Жылдын мыкты окуучусу – 2016» кароо сынагы өткөрүлүп, ага ушул мектепте уюшулган «Ак-Тилек», «Радуга», «Ынтымак», «Достук», «Новбахор», «Ыйман нуру» Балдардын өз жардам топторунан тандалган окуучулар катышышты.

Толугураак...

Энелер мектептебин ачуу замандын талабы

Тренер Майкулакова Дилнора тренинг учурунда03.02.2016  17:40

Ош дубанынын Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиялык “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салтык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө достукту, ынтымакты бекемдөө” долбоорунун негизинде уюшулган Өз Жардам топторунун активист мүчөлөрүнөн жана айыл тургундарынын арасындагы жигердүү жашоочулардан демилгелүү топ түзүлгөн.

Толугураак...

Насыя алышты

Кредит алууга жетишкен Ыйман нуру топ мүчөлөрү03.02.2016  17:36

Ош дубанынын Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагынын Падаван айылындагы А. Сыдыков көчөсүндө жашаган кыз-келиндеринин 8 мүчөдөн турган «Ыйман Нуру» Өз Жардам тобу 2014-жылдын май айында түзүлгөн. Алардын негизги максаттары айылдагы бир катар көйгөйлүү маселени көтөрүп чыгып, аны оң жагына чечүү үчүн элдин активдүүлүгүн көтөрүү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып баруу.

Толугураак...

2015-жылдын «Эң мыкты БӨЖТ» аныкталды

Кызыл Байрак Эң мыкты БӨЖТ03.02.2016   17:25

Ош дубанындагы Кара-Суу районунун Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында БӨЖТ топ мучөлөрүнүн ортосунда 2015-жылдын декабрь айында «Эң мыкты БӨЖТ» кароо сынагы болуп өттү. Сынактын максаты эң мыкты БӨЖТун таап чыгуу менен бирге “Эрайым” АКБ, БӨЖТ тастыктамасы тууралуу кеңири маалымат алуу менен бирге, жашап жаткан аймактагы ар бир улуттун маданиятын , салт-санаасын баалап сыйлоого үйрөнүү болду.

Толугураак...

“Мыкты ӨЖТ” аныкталды

Саламдашуу ӨЖТ Жакшылык Мады айыл аймагы03.02.2016  16:58

Ош дубанындагы Кара-Суу районунун Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында түзүлгөн ӨЖТ топ мүчөлөрүнүн ортосунда «Эң мыкты ӨЖТ» кароо сынагы өткөрүлүп, ага аталган аймакта түзүлгөн Өз Жардам Топторунун бардык мүчөлөрү жана алардын ишине кызыктар болгон тараптар катышышты.

Толугураак...

Өз жардам топтору аркылуу экономиканы көтөрсө болот

11.12.2015   14:57

Рахила Жусупова, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси: “Өз жардам топтору аркылуу экономиканы көтөрсө болот”

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин даңкы азыркы кезде Кыргызстандын аймагына жакшы таанымал болуп турган чак. Анткени, аталган уюм мамлекеттин ички өсүп-өнүгүүсүнө омоктуу салымдарды кошуп, дүйнөлүк жана эл аралык бир канча уюмдар менен кызматташ болуп, ар кандай социалдык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу сырттан инвестиция тартуунун жакшы үлгүсүн көрсөтүп келе жатат. Өз ишмердүүлүгүн жөнөкөй гана элдик ашар ыкмасында баштаган уюм, азыр миллиондогон каражат киргизип, мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүнө, калктын социалдык жашоо абалын жакшыртууга салым кошуп келет. Андай максаттарды ишке ашырууда чоңдордун жана балдардын Өз жардам топторунун эмгеги чоң. Ушул багытта аталган бирикменин жетекчиси Рахила Жусупова менен ат жалында маек курдук.

Толугураак...

Балдарга долбоор жакты

nov.118.11.2015  13:06

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин ишке ашырып жаткан долбоорлорунун бири Германия өлкөсүнүн “Brot für die Welt” (Дүйнөгө нан) уюму тарабынан каржыланган “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында 2014-жылдын башынан бери Ош жана Жалал-Абад областтарынын бир катар мектептеринде максатуу иш чаралар жүрүп жаткан кез. Аталган германиялык уюмдун өкүлү Мари-Карин фон Гумппенберг башында турган баалоо тобу долбоорго кирген мектептерде болушту.

Толугураак...

Алтын топ Кубогу - Достукта

goldenball702.10.2015   17:50

2015-жылдын 29-сентябрында «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан Германиянын «Дүйнөгө нан» эл аралык уюму каржыланган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын туштугундо достук жана ынтымакты чындоо» долбоорунун алкагында Шарк айыл аймагындагы Абу Али Ибн Сино атындагы №16-мектепте Кызыл-Кыштак, Мады, Шарк айыл аймактарындагы Кош-Таш, Мады жана Ишкаван айылдарында түзүлгөн «Ыйман нуру», «Лачин», «Аруузат», «Келечек жаштары» «Данакер», «Жылдыз», «Достук», «Жакшылык», «Радуга», «Тумар», «Ынтымак» жана «Ак ниет» Балдар өз жардам топтору арасында «Алтын топ Кубогу – Достукта» аталышындагы Футболдук таймаш болуп өттү.

Толугураак...

«Биримдиктин» кадамдары

unionsteps22.09.2015   17:27

«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып келген бир катар долбоорлордун катарында айыл жергесин өнүктүрүүгө багытталган Өз жардам топтору. Анын башталганына 15 жылдан ашты. «Жалаң гана бийликтин, мамлекеттин көзүн карап олтура берген туура эмес, аракетти өзүбүз баштайлы, демилге бизден чыкса, бийлик да аракетибизди колдойт» дешкен айылдык активисттер бул долбоордун алкагында бир топ айтаарлык иштерди жасашты жана жасап да жатышат.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru