bookreaders316.05.2016   15:22

“Китеп билим булагы” демекчи, китеп аркылуу адам баласы билимин өркүндөтөт, аң-сезимин өстүрөт. Ошондон улам да “билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деп да айтылат.

Акыркы кездерде мектеп окуучулары компьютерге байланып, бардык нерселерди Интернет булактарынан алып калышты. Анын кесепетинен китеп бетин ачкылары келбейт, бош убактыларында гана эмес, сабак учурунда да, а түгүл үй тапшырмаларын да Интернет аркылуу даярданышат. Мына ушундай жагдайды эске алып, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган “Китеп сүйүүчүлөр” ийриминин жетекчилери балдарды китеп окууга канытырууга көп аракеттерди жумшап жатышат. Анын бири катары Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагында жайгашкан №16-Абу Али Ибн Сина атындагы орто мектебинде «Келгиле достор, китеп окуйбуз» аттуу иш-чараны мисалга келтирсек болот. Аталган иш чарага ата-энелер да катышып, балдары ушул ийримден эмнелерди үйрөнө алышканын,китеп окуунун да өзүнчө сырлары бар экендигин билишти. Көркөм чыгармаларды укулуктуу, кыраатын келтирип, образдуу окушканда, аны угуп олтургандар муюп жатышты.

bookreaders1

bookreaders2

Эрлан Давлатов, уюмдун Ош облусу боюнча
коомчулук менен байланыш кызматкери