Китеп - жан дүйнө азыгы
20.05.2016 15:00
“Азыр мектептерде көркөм чыгармалар түгүл, окуу китептери да окулбай, балдар жалаң кол телефонуна азгырылып, Интернеттен гана баардык маалыматтарды алып калышты” деген божомолдорду Канайым Курбанбаева жокко чыгарат.
Анткени, ал “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин чыңдоо” аталышындагы долбоорго киргизилген “Китеп сүйүүчүлөр” ийримин жетектеп, Жалал-Абад шаарындагы №7-орто мектептен 20 окуучуну, Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектептен 20, ушул эле райондогу Токтогул атындагы орто мектептен 15 окуучуну тартып, аларга китеп окуунун сырларын үйрөтүп келет. Ийрим жетекчисинин купулуна толуп, башка курбуларынан өзгөчөлөнүп, көркөм чыгармаларды кыраатын келтирип, ар бир каарман менен кошо жашап, жан дүйнөгө азык тартуулай алган окуучулар көп экендигин белгилеп, алардын арасынан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинин 9-классынын окуучулары Уранбек кызы Айдана менен Алтынбекова Алинанын талантына баа берет. Айдана көркөм чыгармаларды көп окуу менен келечекте журналист болууга даярданып жатат. Ал кыргыз журналист - алып баруучулар Космос Чыдынов, Чынара Капарова, Назира Айтбековаларды кумир тутат.
- Чынын айтайын бул ийримге катышканга чейин көркөм чыгармаларга анча кызыкчуу эмесмин. “Жакшы окуш үчүн жалаң гана окуу китептерин окуп, тапшырмаларды так аткаруу жетиштүү” деп, эсептеп келгемин. Ийримге курбуларымдын сунушу менен келип калдым. Канайым эжеке көркөм чыгармаларды укмуштай сонун кылып, кыраатын келтирип, ар бир каарман менен кошо жашап, жаратылыштын сүрөттөлүштөрүн элестүү кылып окуйт экен. Мен ошого арбалып калдым. Азыр мен дагы эжекедей кылып окуганга көнүп калдым. Анан көркөм чыгарма адамды көп жакшы нерсеге тарбиялайт экен. Менин болочоктогу кесибиме чоң жардамы тиет деп ойлойм-дейт, Айдана. Ал эми Алина болсо келечекте дарыгер болууну самайт.
- Дарыгерлер бейтаптарды жалаң гана даары менен даарылабастан, сөз менен да даарылоону билиш керек дешет. Ошондуктан мен сөз байлыгымды кеңейтүү, адамдар менен баарлашууну үйрөнүү үчүн ушул ийримге катышып жатамын. “Жакшы сөз жан эргитет” демекчи, адамдарды жакшы сөзүм менен да даарылап, алардын дабасын тапсам деген тилегим бар-дейт ал. Ийрим жетекчиси Канайым Курбанбаеванын башкы максаты балдарга көркөм китептерди көп окутуу менен алардын аң сезимине бай азык тартуулоо. Ал үчүн элдик оозеки чыгармалардан тартып, кыргыз эпосторунун бардыгын, советтик кыргыз адабиятынын өкүлдөрүнүн жана азыркы замандын акын-жазуучуларынын чыгармаларын кеңири окутуу, үйрөтүү. Бул үчүн ага бөлүнгөн убакытты туура жана пайдалуу колдонуп калууга аракет жасайт.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад областы