gentoffriendship11.04.2017  16:18

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында жайгашкан № 86-Курманжан Датка, №116- К.Маткеримов, № 16- Абу Али Ибн Сина атындагы орто мектептеринде балдардын өз жардам топторунун ортосунда «Мырзалар достук таймашта-2017» иш-чарасы уюштурулду.

Ага катышкан топторго төрт тапшырма берилди. Анын биринчиси өзүн тааныштыруу, мында балдар өз командасы боюнча маалымат берди. Андан кийин өнөр көрсөтүү, достук, ынтымак тууралуу ырлар, көркөм окуулар аткарылды. Сынактын соңунда айырмаланган топторго “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин активисттери тарабынан Мактоо баракчалар тапшырылды.

gentoffriendship1

gentoffriendship2

gentoffriendship3

Эрлан Давлатов, Ош облусу