“Эне мектептериндеги” тажрыйба алмашуу
20.08.2017 13:30
Кыргыз мамлекетинин ички турмушундагы башкы көйгөйлүү маселелердин бири мектеп жашына чейинки балдарды камкордукка алып, аларга толук кандуу таалим-тарбия, билим берүү менен катар мектепке даярдоодо Балдар бакчаларынын жетишпестиги. Айыл жергеси түгүл шаарларда да ушул маселе башкы орунда туруп келет.
Машыкчылар үчүн көнүгүмдөрдүн 3-айлампасы ийигиликтүү жыйынтыкталды
07.08.2017 11:25
“Эрайым” Аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору боюнча уюшулган “Өз жардам топторунун мүчөлөрүнүн дараметин көтөрүү” компонентин ишке ашыруу үчүн жергиликтүү машыкчыларды даярдоо жараянынын үчүнчү этабы Ош шаарындагы областтык китепканада улантылды жана ал төрт күндүк убакытты ичине камтыды. Ага долбоор боюнча иштеп жаткан Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча долбоордун тирекчилери, чоңдордун жана балдардын Өз жардам топторунун, “Эне мектептеринин” тирекчилери, басма сөз жана коомчулук менен кызматташуу адистери, машыкчылар катышты.
2017-жылы уюшулган балдар жайкы англис тил мектептери боюнча баяндама
31.07.2017 18:25
Үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан 11-августуна чейин Бишкек шаарынын Ак-Өргө жана Ак-Ордо конуштарында, Токмок шаарынан алыс эмес Алчалуу айылында, Жумгал өрөөнүнүн Чаек жана Көк-Ой айылдарында жайкы англис тил курстары иштеп жатат. Жалпысынан 540 окуучу өтүлүп жаткан сабактарда катышууда, алардын ичинен 80 окуучу Ак-Өргө жана Ак-Ордо конуштарында, 59 окуучу Алчалуу айылында, 200 окуучу Чаек, ал эми 83 окуучу Көк-Ой айылында. Бул жайкы мектептер акысыз уюштурулуп, бир айга созулат.
60 БӨЖТ мүчөсү жайлоодо көңүлдүү эс алышты
26.07.2017 12:13
Жай мезгили өкүм сүрүп, балдарбы, же чоңдорбу ушул жайдын аптаптуу күндөрүн таза абалуу, салкын аймакта, жаратылыштын кооз кучагында эс алууну самайт.
“Ынтымактуу көчө” аталышындагы эс алуу
20.07.2017 18:11
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып, Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады айыл аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган 7 ӨЖТ, БӨЖТ топ мүчөлөрү Ноокат районундагы Абшыр- Сай шаркыратма жайлоосуна барып келишти.
Жарандар укуктук кеңеш жана жардам алышууда
20.07.2017 17:21
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору ушул жылдын башында кайра уланып, ага жаңы кызматтар киргизилген эле. Анын бири укуктук кеңеш берүү.
Сыймыктын аруу максаттары
18.07.2017 16:08
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусу боюнча долбоорго кирген аймактын тургундарына психологиялык жактан жардам көрсөтүп жаткан Жылдыз Калдарбекова Жалал-Абад шаарын аралап, психологиялык анкета жыйнап жүрүп кызыктуу аялга кез болгон. Ал аял Базаркулова Умсунай. Анын турмуштан кыйналганы, ден соолугунун начар экендиги жүзүнөн билинип турган. Адамдын ички жан дүйнөсү сырт келбети аркылуу даана чагылып турганын баамдаган психолог аны менен кенен-кесири маектешип, ага кандай жардам керектигин билет.
Кызыктуу көнүгүм
18.07.2017 15:55
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан быйылкы жылдын башынан бери кайрадан улантылып жаткан «Салтык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун алкагында долбоорго кирген Жалал-Абад шаарындагы Чынгыз Айтматов атындагы аймактык башкаруусуна караштуу Алым Усман атындагы №7 орто мектептеги БӨЖТ мүчөлөрүнүн катышуусундагы “Өкмөттүк эмес уюм жана анын чөйрөсү” аталышындагы көнүгүм кызыктуу жүрдү. Аны ушул тренингди алып барган Жанара Рыскулова белгилейт. Анткени, мектепте уюшулган алты БӨЖТ мүчөлөрү дээрлик анын активдүү катышуучулары болушкан.
2017-жылкы балдар үчүн англис тил мектептери старт алды
17.07.2017 18:26
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин эң кызыктуу жана пайдалуу долбоорлорунун бири болгон «Балдар үчүн жайкы англис тил мектеби» долбоору башталды.
Экс-президенттин белеги эне мектептерине таркатылды
17.07.2017 18:03
Кыргыз Республикасынын экс-президенти, коомдук ишмер Роза Отунбаева бир канча жылдардан бери “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен ар кандай алакада кызматташ болуп келет. Айрыкча быйылкы жылдын жаз айында аталган уюм тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында уюшулган эне мектептерине көп жардамдарды берип келүүдө.