Психологиялык жардам жаш карыга карабайт
22.03.2017 20:25
Азыр жашы да, карысы да, баласы менен кызы да психологиялык жактан жабыркап тургандыгы чындык. Себеби, анын баары барып келип эле жашоонун оош-кыйышы, чөйрөдөгү көйгөйлөр, бири ашынып байып кетсе, экинчиси нанга жетпей, кара курсактын камы менен жер безип калгандыгы.
“Окуйм” дегендердин кендирин “контракт” деген неме кесет. “Башкалардай болуп бизнес кылайын, жакшы жашайын, жакшы үй салып, машина минейин” - дегендер аргасыздан насыя алат. Анан анын торунан чыга албай, сазына батып, жатып калат. Насыясын төгө албай жашап жаткан үйүн алдыргандар канча? Белчеден карызга батып, эптеп кара башын катып, качып кеткендерчи? Дегинкиси сыртка жыргагандар кетип жаткан жок. Ошол эле карызга батканы, жумушу жок, колоктоп көчө таптап калганы...айтор, сыртка кеткен мигранттардын ар биринин жеке, ар кандай тагдыры бар. Бешиктеги наристесин таштап, аргасыздан жумуш издеп кеткендердин тагдырын уксаң, жан дүйнөң кыйналат. Балдарын туугандарына, же чоң ата, чоң энесине калтырып, алар кантип чоңоюп жатканына баш оорутпай, бардык дитин акча тапканга короткондорчу? Анын бардыгын көрүп, билип, аралашып жүргөн бала не кылат? Анын да жүрөгү ооруйт, жан дүйнөсү кыйналат. Мындай учурда аларга психологиялык жардам керек болот. Алардын ички ой туюмдарын сезе билген, алар менен сырдаша алган адис талап кылынат. Бул жагынан алганда кесиби мугалим болуп, канча жылдан бери балдар менен иштеп, алардын экинчи энеси катары таанылып калган, акыркы жылдарда балдардын психологиясына сүңгүп кирип, алардын жакын адамына айланган Жылдыз Калдарбекова тууралуу бир эки ооз кеп сала кетели.
Ал Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектепте көп жылдан бери иштейт. Кесибин мыкты билген адис катары, мектептеги коомдук иштерге активдүү катышкан, өз оюн ачык айткан мугалимдердин бири. Балдар аны жакшы көрүшөт, себеби, ал улам жаңыны тапканга аракет жасайт. Изденет, азыркынын талабына, балдардын табитине жана муктаждыгына жараша сабак өтөт. Анан акыркы жылдарда эл аралык уюмдар менен да кызматташ болуп, билимин, тажрыйбасын арттыруу максатында семинар-тренингдерге тез-тез катышып, психология илиминин эл аралык стандартын да өздөштүрүп алган. Мына ошол себептен да, эл аралык уюм менен иштегенде эч кандай кыйынчылыкты тартпайт. Быйылкы жылдын башынан бери Германия мамлекетинин “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму каржылаган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбооруна психолог катары иштей баштады. Анда Жалал-Абад шаарындагы Ч.Айтматов атындагы аймактык бакшаруусунун, Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон жана Акман айыл аймактарынын тургундарына психологиялык жардам берүү кызматын аткарат.
- Бул долбоор эки жарым жылдык мөөнөткө тартылган. Долбоорго кирген аймактардын ар биринен он алтыдан үй-бүлө тандап алабыз. Мурда балдарга, же чоңдорго психологиялык жардам көрсөтүүдө бөлүп иш кылат элек. Азыр үй-бүлө мүчөлөрү толук киришет жана аларга чогуу кеңеш берилет. Өз ыкмабыздын негизинде жардам көрсөтөбүз, окутабыз, ар кандай семинар, көнүгүмдөрдү,акцияларды өткөрүп, атайын иш чараларды уюштурабыз. Андай үй-бүлөлөрдү тандоодо белгиленген жоболору бар. Мисалы, аз камсыз болгон, жардамга муктаж үйдүн кайсы бир мүчөсү сыртта мигрант катары жүргөндөр, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендер кирет. Азыр биз ишти Базар-Коргон айылынан баштадык. Бул айылда көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Негизинен жергиликтүү тургундар - кыргыз жана өзбек улутундагылар. Алар тээ илгертен эле бир үй-бүлөдөй, ынтымакта жашап келишкени менен 2010-жылдагы улуттар аралык кагылыш алардын психологиясын жабыркатып, ортодогу чагымчылардын кесепетинен жабыр тартышкан. Арадан канча жылдар өтсө да, айрым бир ирмемдер сезиминде сакталып, кандайдыр бир чоочуркоо, коркуу, шектенүү сезимдери улууларда да, балдарда да бар. Ошол коркунучтан алып чыгып, алардын ички сезимдерин, дилин тазартышыбыз керек. Биз азыр ошого аракет жасап жатабыз. Долбоор боюнча төрт айдан кийин башка айылдарга өтөбүз. Адам баласынын ички оюн табыш кыйын. Ички жан дүйнөсүн ачуу өтө татаал. Бирок, көп жылдык тажрыйбамдан улам бар билимимди жумшап, канчалардын жабыркаган сезимин, талантын ачыкка чыгарып жатабыз. Мен ар бир психологиясы жабыркап турган бала, же чоң адам менен жеке иштеп, алардын ички сырын тартканга, ачык сүйлөшүүго өтөмүн. Эне кызы менен, бала атасы менен, эже сиңдиси менен, ага иниси менен сырдашпай, ар бири жеке ойлонуп, жакындык сезимдерден алыстап калганыбыз чындык, аны жашырууга болбойт. Эми ошондой кырдаалдан чыгуунун жолун издеп, аны таап, адамдарга жардам берүүбүз керек. Негизинен психологиялык жардамга балдар гана эмес, улуулар да зар болуп турган кез. Мында “кары, же жаш” - деп, бөлүүгө болбойт - дейт Жылдыз айым.
Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, “Акыйкат”.