logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Ийримдердин бир жылдык отчеттук концертти

123.06.2021  09:15

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы №16-Абу Али ибн Сина, №86-Курманжан Датка, №117-К.Маткеримов атындагы орто мектептептеринде уюшулган англис тили жана этноансамбль ийримдеринин бир жылдык отчеттук концертти болуп өттү.

Толугураак...

Балдар психологиясы боюнча эки күндүк окуу көнүгүм

122.06.2021   11:14

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы социалдык кызматкерлерге жана райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө тескөөчүлөрүнө ушул жылдын 8-9-июнь күндөрү “Эрайым” уюму тарабынан эки күндүк психологиялык окуу көнүгүм болуп өттү.

Толугураак...

Жубайлар мыйзамдуу турак жай салуу укугуна ээ болушту

107.06.2021  11:03

Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагына караштуу Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Садиров Жумали турак жайц салуу үчүн жер участогун мындан бир канча жыл мурда алган. Турмуш шарты оор болгондуктан, ал турак жайды дароо эле сала алган эмес. Ошол эле мезгилде жер участогунун тиешелүу документтерин да толук кандуу алган эмес. Мунун бардыгы анын юридикалык сабатсыздыгынан жана өз укугун жеткиликтүү билбегендиктен келип чыккан. Жубайы экөө термелеп чакан үй салып, ага жашай башташканда кошунасы тараптан жер участогунун өлчөмү боюнча нааразычылык башталган.

Толугураак...

«Эрайымчы” айымдар айылдык кеңешке депутат болушту

207.06.2021  10:17

“Эрайым ” аялдар коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусундагы координатору Кишимжан Боронбаева дагы бир ирет Базар-Коргон районундагы Акман айылдык кеңешине депутат болуп шайланды жана депутаттык мандат менен төш белгини алды.

Толугураак...

Эне мектептери үчүн маанилүү окуулар

203.06.2021  10:35

Эне мектептери үчүн маанилүү окуулар “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө Нан” уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында ачылып иштеп жаткан эне мектептери балдарды окутуп эле тим болбостон энелер менен тыгыз иш алып баргандыгы үчүн Кыргызстан боюнча кенен кучагын жайылтууда.

Толугураак...

Кара-Суудагы 3 ӨЖТ Биримдиги айыл өкмөттөргө жоопчот тапшырышты

128.05.2021   12:23

“Эрайым” уюмунун Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган Кара-Суу районундагы 3 ӨЖТ биримдиги жергиликтүү бийликтин жана кеңештин пландуу өтүлүүчү чогулуштарына катышып, ӨЖТ биримдиктин мүчөлөрү жыл ичинде аткарган иштери боюнча жоопчот тапшыршты.

Толугураак...

Жамааттык (калыбына келтирүүчү) медиация окуу курстары аяктады

121.05.2021   11:00

“Эрайым” АКБси жана Улуттук Медиация Борбору укук кеңешчилер менен биргеликте чыр-чатак, талаш-тартыш көйгөйлөрүн тынчтык жолунда чечүүдө эки тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүзүү максатында бир топ иштерди иш жүзүнө ашыра баштады.

Толугураак...

Ош шаарына баш калкалап келген Баткендик энелерге жана балдарга жардам көрсөтүлдү

110.05.2021  11:05

Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-кыштак айыл аймактарында “Эрайым” АКБси тарабынан уюшулган ӨЖТ Биримдиктери жана БӨЖТ топтор ошондой эле Энелер мектеби чогулуп, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыр тарткан Баткен эли үчүн гуманитардык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу уюмдун Ош облусундагы координатору Икрам Исраилов билдирди.

Толугураак...

Баткенге жардам көрсөтүүнү “эрайымчылар” да колго алышты

010.05.2021  10:10

Акыркы кырдаалга, анын ичинде Баткен жергесиндеги чек ара чырынан улам, кошуна жашаган тажик өлкөсүнүн капыстан бир канча чек ара айылдарына ок атуусу жана андан ондогон биздин жарандардын каза болгону, жараланышы,тураксыз калгандыгы, канчалаган турак үйлөр өрттөнүп, социалдык обьектилердин талкаланышы, бир заматта айылдардын кара түтүнгө капталышы, дегеле бул каргашалуу окуя башкалар сыяктуу эле “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусундагы командасынын да жүрөгүн оорутту.

Толугураак...

Ош дубанындагы жергиликтүү машыкчылардын иш-аракеттери

130.04.2021   11:24

2021-жылдын январь айынан тарта май айына чейинки аралыкта Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынып, “Эрайым” уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында жергиликтүү машыкчылар Кара-Суу районундагы Сарай, Төлөйкөн жана Нариман айыл аймактарында жаңыдан түзүлгөн Өз жардам топторуна бир катар көнүгүмдөрдү өтүштү.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru