Кара-Суудагы 3 ӨЖТ Биримдиги айыл өкмөттөргө жоопчот тапшырышты
28.05.2021 12:23
“Эрайым” уюмунун Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган Кара-Суу районундагы 3 ӨЖТ биримдиги жергиликтүү бийликтин жана кеңештин пландуу өтүлүүчү чогулуштарына катышып, ӨЖТ биримдиктин мүчөлөрү жыл ичинде аткарган иштери боюнча жоопчот тапшыршты.
Иш-чара ушул жылдын 10-17-24-май күндөрү болуп өттү. Белгилей кетсек Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында түзүлгөн “Шарк”, “Курманжан Датка”, “Керме-Тоо” ӨЖТ биримдиктери үнөмият, тирилик, талам-талашуу, экология жана маданият багыттарында аткарган иш-аракеттери боюнча жергиликтүү кеңештин депуттарына, айыл өкмөт өкүлдөрүнө жана айыл башчыларга маалымат беришкенин Биримдиктин мүчөсү Касиет Адыкова белгиледи.
Чогулушта Биримдиктин мүчөлөрү айыл өкмөт менен чогуу биргеликте кызматташып келе жатканына жана жергиликтүү депутаттарга өздөрүнүн ыраазычылыгын билдиришти.
Эрлан Давлатов, Ош облусу