ӨЖТ менен БӨЖТнын биргелешкен иш чарасы
21.10.2021 11:08
Базар-Коргон районунун базар-Коргон шаарында уюшулган “Ак-Тилек” ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү Пусулманкулова Чолпонай менен Ормонова Ырысгүлдөр кыргыз тилин өнүктүрүү жана азыркы жаштардын эне тилинде сүйлөп, кыргыз тилинин баалуулугун баалай билүүгө каныктыруу үчүн “Бейпилдик”, ”Ак-Илбирс”, ”Шамдагайлар” жана “Мега-Стар” балдар өз жардам топторунун мүчөлөрү менен биргеликте маданий багытта иш-чара өткөрүштү.
ӨЖТ Биримдиктери кышка карата камылганы башташты
20.10.2021 10:25
Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагында уюшулган “Акыйкат” ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү ар ай сайын жыйындарды өткөрүшүп, бир жерге жыйналып, айылдагы ар кандай маселени көтөрүп, анан аны чечүүнүн жолун издегенди адатка айландырып алышкан.
Тарбиячылар сертификат алышты
16.10.2021 11:37
Ушул жылдын май айында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен кызматташ болуп келе жаткан, республикада эне мектептерин түзүү боюнча белгилүү инсан, педагогика илимдеринин кандидаты Л.В.Усенко Базар-Коргон районундагы эне мектептердин жетекчилери, тарбиячылры үчүн “Мектепке чейинки мекемелердин ишиндеги азыркы технология” темасында 72 сааттык атайын курс өтүп кайткан.
Ош дубанында долбоорго сырткы баалоо жүргүзүлдү
18.09.2021 09.47
2021-жылдын 13-сентябрынан 18-сентябрына чейин аралыктан Ош дубанынын Кара-Суу районуна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбооруна көз карандысыз эксперт Назгүль Аксариева жана Роза Айылчиева тарабынан сырты баалоо жүргүзүлдү.
“Шарк” ӨЖТ Биримдигинин жергиликтүү бийлик менен кызматташуусу
06.10.2021 09:33
“Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун Шарк айыл аймагындагы «Шарк» ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү «Стратегиялык узак мөөнөттүү иш планды иштеп чыгуу» көнүгүмүнүн таасири менен жашоочулар менен биргеликте айылдагы 3 негизги көйгөйдү аныктап, (30.12.2020) айыл өкмөткө үч сунуш менен кайрылышкан.
Балдардын табити нукуралыкка дал келет
16.10.2021 11:15
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тартып келген долбоордун алкагында Базар-Коргон районунда ачылып жана иштеп жаткан Эне мектептеринде тарбиялоонун жаңы ыкмаларына көбүрөөк көңүл бөлүнөт. Мында алар балдардын табитине төп келген кооздуктарды нукура буюмдардын жасаганга, кооздогонго аракет кылышат.
Баалоо кызыктуу өттү
16.10.2021 10:30
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандн түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районунда болуп жаткан иш жагдайды баалоо болуп өттү.
Эне мектептеринде кыргыз тил майрамы өтүп жатат
16.10.2021 09:10
Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаарында жайгашкан “Периште” эне мектебинде 150 дөн ашуун бөбөк тарбияланат. Аталган эне мектеби “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору менен кызматташ болуп, бул долбоордун алкагында өздөрүнө бир катар пайда алып келшет.
Кичи ишкерликти өнүктүрүү боюнча көргөзмө жарманкеси
13.09.2021 11:23
Үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында түзүлгөн ӨЖТнун кичи ишкерликтерин өнүктүрүү боюнча көргөзмө жарманкеси болуп өттү.
ӨЖТ Биримдиктеринин кезектеги тажрыйба алмашуусу ийгиликтүү уланды
13.09.2021 10:37
2021-жылдын 6-7-сентябрь күндөрү Кара-Суу районундагы Шарк айылында Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районунда түзүлгөн “Курманжан Датка”, “Шарк” жана “Керме-Тоо” биримдиктеринин тажрыйба алмашуусу болуп өттү.