127.04.2021   10:13

“Эрайым” уюмунун Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун биринчи фазасында 2014-жылдан баштап Эрайым” уюму Ош шаарындагы «Ар бир балага үй-бүлө» коомдук фонду менен меморандум түзүлүп, анын негизинде ушул жылга чейин кызматташтык уланып келүүдө.

Белгилей кетсек өнөктөш катары кызматташуу алкагында коомдук фонд менен ушул жылдын апрель айында чогуу бир топ иштер аткарылды. Алардын бири «Ар бир балага үй-бүлө» коомдук фонду тарабынан колдоого алынып ачылган Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айыл өкмөтүндө жайгашкан “Кут кадам” балдар үйүндө тарбияланып жаткан 11-16 жашка чейинки өспүрүм курактагы балдарга 22-23-апрель күндөрү психологиялык жактан окуу көнүгүмдөр уюштурулуп, жыйынтыгында муктаждыгы бар балдарга психологиялык жактан кеп-кеңештер берилгенин “Эрайым” уюмунун психологу Дилфуза Анарбаева тастыктады.

Иш-чаранын максаты балдар үйүндөгү өспүрүмдөргө психологиялык жактан жардам көрсөтүү жана алардын ички сезимдери менен бөлүшүп, ачык айкын пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүү болгонунда кошумчалады. Мындан сырткары Ак-Турпак айыл аймагындагы эки үй-бүлөгө да психологиялык жактан жардам көрсөтүлүп, кеп-кеңештер берилгенин “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фондунун кызматкерлери белгилешти.  

2

3

4

5

Эрлан Давлатов, Ош облусу