Кара-Cууда ӨЖТ Биримдиктерине пайдалуу окуу көнүгүм өткөрүлдү
21.02.2022 11:00
“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районундагы ӨЖТ Биримдиктерине 7 күндүк окуу көнүгүм өтүлдү.
Пайдага чечилген “Тегерек стол”
21.01.2022 11:37
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон шаары жана Акман айыл аймагынан түзүлгөн ”Ак-Тилек” “Акыйкат”, ”Асылзат” ӨЖТ Биримдиктери 2020-жыл аралыгында айыл аймактардагы эң орчундуу делген жети маселени көтөрүп чыгышып, аны айыл аймактардын жетекчилигине сунушташкан жана кайрылуулар менен чыгышкан.
Биргеликте иштөө - ийгиликти жаратат
21.01.2022 10:43
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагы менен Базар-Коргон шаарынын тургундарынын жашоосуна жакшы таасир этип, жашоо нугун жакшы жакка бурууга өбөлгө болуп жатат.
Айылдын ички жолу оңдолду
11.01.2022 13:15
Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагына караштуу Жаңы Акман айылындагы негизги жол болуп эсептелинген Ж.Абдрасулов көчөсүнүн жолу жергиликтүү тургундарга чоң көйгөй жаратып келген.
Күнөскана кирешелүү тармак
11.01.2022 11:07
«Достук» ӨЖТнун жетекчиси Иминова Мавлюда командасы менен азыркы учурда үч күнөскананы иштетип келет. 2020-жылдын ноябрь айында Сейдкум айыл аймагына караштуу Кызыл-Ай айылынан «Достук», «Адилет» ӨЖТсы түзүлгөн. Эки топко “Эрайым” АКБнин Жалал-Абад дубанындагы ӨЖТ тирекчиси К.Боронбаева, машыкчы В.Бабединова жана ӨЖТ боюнча эксперт А.Кошумбаев тарабынан окуу көнүгүмдөр өтүлгөн.
Эл өкүлдөрү Кара-Суу районундагы эне мектеби менен таанышты
11.01.2022 10:25
Ош дубанынын Кара-Суу районуна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында 20 эне мектеби ачылып, мектепке чейинки балдарга тарбия берип келүүдө.
Жаңы мектеп салуу боюнча Жогорку Кеңештин депутатына кайрылуу
11.01.2022 09:37
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы «Керме-Тоо» ӨЖТ Биримдиги 2022-жылдын 8-январь күнү айыл өкмөттүн имаратында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нурбаев Жалолдин Паязидинович жана Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту.
Айылдагы уз чебердин аракеттери
10.01.2022 10:15
Нурсулуу Жакыпова көп жылдардан бери заманбап тигүү цехин ачууга аракет кылып келген Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл аймагынын жигердүү жашоочусу.
Мектеп радиосун өнүктүрүү
27.12.2021 16:34
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы №16-Абу Али ибн Сина атындагы мектебинде ачылып иштеп келе жаткан «Достук» мектеп радиосу ачылгандан тартып көптөгөн мектеп окуучулары жана БӨЖТ мүчөлөрү радио тармагына кызыгуусу артты.
Акылдуу эне – Бактылуу бала
27.12.2021 14:22
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында ачылып иштеп келе жаткан “Энелер мектебинин” тарбиячыларына ушул жылдын 25-декабрь күнү “Акылдуу эне – бактылуу бала” аталышындагы психологиялык окуу көн үгүм уюштурулду.