logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Өз жардам топтору үчүн пайдалуу окутуулар

125.03.2022   10:44

“Эрайым”аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районунда уюшулган Өз жардам топторунун жана Биримдиктеринин мүчөлөрү, ошондой эле жергиликтүү тургундар үчүн окутуу көнүгүмдөр өткөрүлдү.

Толугураак...

Кара-Сууда кыз-келиндердин тигүүчүлүк өндүрүшү боюнча мастер класс

117.03.2022   09:42

Ош облусунун Кара-Суу районунда Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Мады, Сарай айыл аймактарында түзүлгөн “Тумар”, “Өрнөк” Өз жардам топтору үчүн “Тигүүчүлүк өндүрүшүндөгү мастер класс” уюштурулду.

Толугураак...

Ыктыярчы-эксперт Юлия Сухардын Ош облусуна болгон иш сапары

114.03.2022  10:34

2022-жылдын 6-9-марттар аралыгында “Эрайым” уюмуна Германиядан келген уюмдук өнүктүрүү жана фандрайзинг боюнча ыктыярчы - эксперт Юлия Сухар иш сапар менен келип кетти.

Толугураак...

Төлөйкөндөгү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иш чарасы

114.03.2022    09:32

Жаз келип, бардык аймактарда айлананы көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жаткан кезде Ош областынын Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл айыл аймагында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган «Жаш күч», «Үмүт», «Төлөйкөн», «Ынтымак», «Ак шумкар», «Кыргызстан», «Биримдик» балдар Өз жардам топторунун мүчөлөрү четте карап турбастан, алар да өздөрү окуган №99-Нурлан Сайдиев атындагы орто мектебинин бош жаткан аянттарга бак тигүүнү колго алышты.

Толугураак...

ӨЖТ Биримдиктеринин “Маалымат көргөзмөсү- 2022”

114.03.2022   12:26

2022-жылдын 4-мартында Кара-Суу районунда уюшулган “Шарк”, “Курманжан Датка, “Керме-Тоо” ӨЖТ биримдиктеринин “Маалымат көргөзмөсү 2022” аталышындагы иш чарасы болуп өттү.

Толугураак...

ӨЖТ Биримдиктеринин онлайн жыйыны

114.03.2022   11:36

Ушул жылдын 6-9-март аралыгында “Шарк”, “Курманжан Датка”, “Керме-Тоо” ӨЖТ биримдиктери “Эрайым”АКБнин Бишкек шаарындагы ӨЖТ боюнча эксперт Абдылас Кошумбаев менен онлайн жыйындарын өткөрүштү.

Толугураак...

Ыдык көрсөтүү - зомбулуктун өзгөчө түрү

507.03.2022   18:33

Акыркы кездери жашоо агымын тездик менен аралап, адамдардын бири-бирине болгон зомбулуктары, куугунтуктоо, же ыдык көрсөтүү фактылары өсүп жаткандыгы байкалат. Мына ошол себептен KyWRAW тармагы республикадагы кырк бейөкмөт уюмунун жана он кризистик борбордун башын кошуп, “Теңдик нуру” демилгеси менен чыгып жатат.

Толугураак...

ӨЖТ биримдиктери КР Президентине кайрылуу кат жолдошту

102.03.2022    10:28

Ушул жылдын 1-мартында Ош дубанына караштуу Кара-Суу районундагы Шарк, Мады жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарында түзүлүп жана коомчулуктагы көйгөйлүү маселелерди жигердүү чечип келе жаткан ӨЖТ биримдиктеринин мүчөлөрү КРнын президенти Жапаров Садыр Нуркожоевичке кайрылуу кат менен кайрылышты.

Толугураак...

Кичи ишкерликти колдоо көнүгүмү

128.02.2022  10:07

Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында “Кичи ишкерликти баштоо” жана “Ишкерлигинди өнүктүр” темаларындагы 3 күндүк көнүгүм курсу долбоордун керектөөчүлөрүнө өткөрүлдү.

Толугураак...

Кара-Сууда 9 күндүк окуу өткөрүлдү

128.02.2022  09:35

Үстүбүздөгү жылдын 18-26-февралдар аралыгында “Жердин такырлануусун алдын-алуу”, “Органикалык таза продукцияны алуу” жана “Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү” темаларын камтыган 9 күндүк техникалык көнүгүмдөр курсу болуп өттү.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru