Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош дубанындагы салтанат
13.09.2021 10:13
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата коомдук ишмер Абдыкайым Кангелдиевдин “Оштогу ревалюциялык күрөш (2005-2010-жылдын) аттуу китебин китепканаларга салтанаттуу тапшыруу аземи ушул жылдын 30-август күнү Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында болуп өттү.
ӨЖТ Биримдиктери элдин камында
11.09.2021 11:45
Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынан түзүлгөн “Акыйкат” жана “Асылзат” ӨЖТ Биримдиктери айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясын жана “Унаа транс” жоопкерчилиги чектелген ишкананын жетекчилигине кайрылып жана аларды шыкактап, Акман айыл аймагындагы бир катар айылдарга машруттук каттамдарды жүргузүштү.
ӨЖТлардын жаштары билимин жогорулатып жатышат
04.09.2021 09:23
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагнда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда уюшулган Өз жардам топторунун Биримдиктеринин жаш мүчөлөрү өз билимдерин жогорулатуу, азыркы заман шартына жараша ишкерликти үйрөнүү максатында Германия кызматташтыгы жана GIZ уюмдары аркылуу ишке ашырылып жаткан “Иш менен камсыз кылуу жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү” программасы боюнча үч күндүк окууда болушту.
Өз жардам топторундагы үч күндүк окуу
03.09.2021 11:34
“Ак-Тилек” ӨЖТ Биримдигинин мүчөсү Базаркулова Нурсыйда “Биоартүрдүүлүктү сактоо жана жаңгак токойлорун, жайыттарды башкаруу үчүн жергиликтүү коомчулукка таратуу менен жакырчылыкты жоюу” долбоорунун алкагында окууларга катышып, алган билимдерин кесипкөй ӨЖТ мүчөлөрүнө 3 күндүк семинар өттү.
“Китеп кербени 2021” активдүү катышышты
01.09.2021 10:23
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө”долбоорунун алкагында Базар-Коргон райондорундагы бир катар мектептерде уюшулган англис тили ийриминин катышуучулары “Китеп кербени-2021” иш чарасына активдүү катышышты.
Жаңы Эне мектеби ачылды
27.08.2021 15:12
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районунда ачылган Эне мектептердин катарын “Жыпара” деп аталган жаңы Эне мектеби толуктады.
Ийрим жетекчиси балдардын жайкы эс алуусунда
27.08.2021 14:07
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө долбоору” боюнча Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарындагы мектептерде уюшулган англис тили ийриминин жетекчиси Айсулуу Орозова Арстанбаптагы “Зорька” балдар эс алуу жайында эс алып жаткан балдардын арасында болуп кайтты.
“Айылдык табышкер” долбоорунун бизнес-курстары
28.07.2021 11:23
Ушул жылдын 16-19-июлдарынын аралыгында Ош шаарында Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын ишкерлери «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен Айылдык Табышкер долбоорунун алкагында бизнес-курстардан өтүштү.
Үй-бүлө күнүнө карата жакшы саамалык
12.07.2021 10:35
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл аймагында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган «Курманжан Датка» ӨЖТ Биримдиктери ушул жылдын 11-июль күнү Ноокат районундагы Кара-Кой жайлоосуна барып эс алып келишти.
Долбоорго сырткы баалоо жүргүзүү боюнча сынак
03.08.2018 18.22
“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмеси Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot Für Die Welt) эл аралык уюму каржылык колдоосунун астында ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” (2017-2019) долбоорунун 2-фазасына сырткы баалоо жүргүзүү боюнча эксперт-баалоочулардын арасында сынак жарыялайт.
Баалоочуларга болгон квалифициялык талаптар:
Талапкерлер төмөндөгү тажрыйбага ээ болуш керек:
- Жарандык сектордо жана жарандарды мобилизациялоо багытында иштөө;
- Тынчтыкты курууда, чыр-чатакты алдын алуу багытында иш алып баруу;
- Долбоорду башкаруу, баалоо жана бейлөө (мониторинг);
- Көнүгүм өтүү, жолугушууларды жана талкууларды уюштуруу;
- Анализ жүргүзүү жана аналитикалык жоопчот жазуу;
- Түштүк элинин менталитетин, өзбек, кыргыз тилин түшүнүү, сүйлөө;
- Баалоого уюм же жеке инсандар, 2 же 3 адамдан турган команда катыша алат;
- Баалоочулардын арасында тынчтыкты орнотуу, гендер боюнча эксперттер болуусу зарыл.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгүлөрдү жиберүүсү керек:
- Тынчтыкты куруу багытындагы долбоорлорду баалоодогу мурунку тайжрыйбасын баяндамасын;
- Баалоону жүргүзүү боюнча сунуштаган изилдөө ыкмасын (методологиясы);
- Баалоочунун тажрыйбасын тастыктаган резюмесин;
- Алгач түзүлгөн баалоонун планынын жана жоопчоттун формасы.
Сырткы баалоонун жүргүзүүнүн шарттары боюнча кененирээк маалыматты ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАДАН карооңузду суранабыз.
Сынакка катышуу үчүн билдирмени This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it. электрондук дарегине 2018-жылдын 17-августу саат 17.00гө чейин жиберүү зарыл. Кошумча маалыматарды тактоо үчүн телефондор 0312 435563, 0772282957 (баалоонун жүргүзүү боюнча), 0779288105 (финансылык суроолор боюнча).