logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Ийримдердин кулачы кеңейип - Төлөйкөндө балдарды окута баштады

107.04.2021  16:13

"Эрайым" аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан "Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө" долбоору боюнча Кара-Суу районунда долбоорго кирген Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Төлөйкөн айылында ушул жылдын башында “Акбуура” жана “Жаңы айыл” ӨЖТ топтору түзүлгөн.

Толугураак...

Элеттик тигүүчүлөр өз буюмдарын сатууга чыгарышууда

107.04.2021   14:57

Ушул жылдын март айында Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагына караштуу Кышмаала айылында он кыз-келинден турган тигүү цехи ачылган эле. Алар Австралия Өкмөтүнүн Тике жардам программасынын (DAP) колдоо алдында ишке ашырылып жаткан “Кыргызстандын айыл аймактарындагы аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында 150 миң сом грант утуп алышкан.

Толугураак...

“Акжол” ӨЖТу жашылча, жер-жемиштерин кошуна өлкөгө экспорттоону пландашууда

106.04.2021   11:19

“Эрайым” уюмунун Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Шарк айыл аймагында түзүлгөн “Акжол” мырзалар ӨЖТ тобу “Кара-Суу дыйкан базары жарманкесине” катышышты.

Толугураак...

Кошуналардын ынтымагы

102.04.2021   10:01

Үстүбүздөгү жылдын 30-мартында Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак, Шарк, Мады, Төлөйкөн, Сарай, Нариман айыл аймактарында “Эрайым” уюмунун “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун алкагында уюшулган ӨЖТ Биримдиктери жана жаңыдан түзүлгөн алты өз жардам тобу өздөрүнүн айылдарында, көчөлөрүндө кошуналардын ынтымагын бекемдөө максатында “Кошуналар ынтымагы” аттуу иш-чарасын өткөрүштү.

Толугураак...

Англиянын маданияты бизге окшош

125.03.2021  10:25

Айсулуу Орозова Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинде англис тили мугалими болуп иштейт. Ошол эле мезгилде «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тартып келген «Салттык жана заманбап усуларды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунда англис тили ийримин жетектейт. Долбоорго тартылган орто мектептердин ар биринде бери жагы эле отуздан ашуун окуучу ал ийримге катышат.

Толугураак...

Медиация ыкмасы аркылуу үй-бүлө жарашты

1

22.03.2021   13:06

2020-жылдын ноябрь айынан баштап ушул жылдын март айына чейинки аралыкта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн, Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак, Сарай, Нариман айыл аймактарындагы 100гө жакын жарандарга медиация жана медиативдик кызматтар жөнүндө маалымат таратуу иш-чарасы жүрүп келе жатат.

Толугураак...

Кызматташтыкта бирдиктүү иш алып баруу

117.03.2021  10:03

Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасынын алкагында “Эрайым” АКБси өнөктөш катары Кара-Суу районундагы ички иштер бөлүмү жана Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы ЖӨИ кызматкерлери менен эки жылга жакын убакыттан бери чогуу кызматташып келүүдө.

Толугураак...

Айыл өкмөттөргө берилген сунуштар боюнча тегерек столдор өткөрүлдү

117.03.2021   09:12

Ош облусунун Кар-Суу районунда “Эрайым”АКБси тарабынан уюшулган үч ӨЖТ Биримдиктери айыл өкмөттөргө 2020-жылы тогуз сунуш менен кайрылышкан. Анын жыйынтыгында Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл өкмоттөрү берилген сунуштарга кат түрүндө жооп беришти. Ал эми аталган тогуз сунушту иш жүзүнө ашыруу үчүн биримдик мүчөлөрү 3 айыл өкмөттө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен тегерек столдорду өткөрүштү.

Толугураак...

Алиментти уй менен төлөп берди

116.03.2021   12:44

Турмушта ар кандай окуялар болот. Ар бир адамдын жеке тагдыры бар. Жашоо бирде ылдый, бирде өйдө тартып, бир нукта да өтпөйт. Абдугани кызы Миножат менен Исламов Аброрбек экөө 2015-жылы жакшы тилек менен турмуш курушкан. Ата-энелеринин, тууган-уруктун ак батасын алышкан.

Толугураак...

“Эрайымчылардын” эмгеги бааланууда

115.03.2021  11:13

Базар-Коргон райондук администрациясы өзүнүн кезектеги жыйынында “Эрайым” аялдар комдук бирикмесинин Жалал-Абад облусундагы өз жардам топтору боюнча тирекчиси Кишимжан Боронбаеваны райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн “Ардак грамота” менен сыйлады. Райондогу эн жогорку сыйлыктардын баш сабында турган мындай сыйга Кишимжан Боронбаева да тим жеринен татып олтурган жок.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru