203.06.2021  10:35

Эне мектептери үчүн маанилүү окуулар “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө Нан” уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында ачылып иштеп жаткан эне мектептери балдарды окутуп эле тим болбостон энелер менен тыгыз иш алып баргандыгы үчүн Кыргызстан боюнча кенен кучагын жайылтууда.

Ош облусунун Кара-Суу районунда бүгүнкү күндө жалпы 25 Эне мектеби туруктуу иштеп, анын алтысы өкмөттүн карамагында каржыланып келет.

Белгилей кетсек, эне мектебинин жетекчилери жана тарбиячылары үчүн “Эрайым” АКБси тарабынан ушул жылдын 31-майында “Мектепке чейинки билим берүүдөгү заманбап техналогиялар”, ал эми 1-июнунда болсо “Өзгөчө кырдаалдагы балдардын коопсуздугунун программасы” темаларындагы 2 күндүк семинар болуп өттү.

Бул окууда катышуучулар өздөрүнүн билим деңгээлин жогорута алышты. Мындан сырткары 36 тарбиячы ушул жылдын 14-июнунан баштап 28-июнуна чейинки аралыкта Билим берүү министирлиги тарабынан уюштурулуп жаткан 72 сааттык дистанттык окуу көнүгүмүнө катышуу үчүн электрондук каттоодон өткөндүгүн долбоор тирекчиси Икрам Исраилов кошумчалады.

Окуунун жүрүшүндө өлкөдөгү эне мектептеринин жетишкендиктери (мисалы, регионалдык ресрустук борборлорлорунун ачылышы) жана кемчилдиктери (мыйзамдуу иш кагаздарын толуктоо үчүн лицензия алуу жолдору) талкууланып, эне мектебинин эртеңки келечеги жөнүндө сүйлөшүүлөр жана пикир алмашуулар жүрдү.

Ушул жылдын август айында Бишкек шаарында Эне мектебинин жетекчилери, Эрайым” АКБси, Билим берүү министирлиги жана башка билим берүү борборлорунун адистеринин катышуусунда брифинг өткөрүү планы даярдалып жаткандыгын Бишкек шаарынын №186-Балдар бакчасынын директору, эне мектептеринин ресрустук борборунун жетекчиси, эксперт Дильнара Майгулакова билдирди.

Өлкөбүздөгү эң көйгөйлүү маселелердин бири мектеп жашына чейинки балдарды камкордукка алып, аларга толук кандуу таалим-тарбия, билим берүү менен катар мектепке даярдоо. Балдар бакчаларынын жетишсиздигинен көп кыйынчылыктар жаралып келген, 2014-жылдан тартып аталган көйгөйдү чечүү үчүн “Эрайым” уюму түштүк региондордо иш жүргүзүп келет. Уюмдун демилгеси менен 40 ашуун эне мектептерди ачылып, иштеп келе жатат дейт: - КРнын Билим берүү жана илим министирлигин алдындагы республикалык педоголикалык кызматкерлердин кваливикациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институнда мектепке чеийнки жана башталгыч класстардын кафедра башчысы, доцент, “Эне мектеби” программасынын негиздөөчүсү жана автору Усенко Лилия Валерьяновна.

Бул иш-чаранын өтүшүнө жакындан колдоо көрсөткөн Кызыл-Кыштак өкмөтүнө “Керме-Тоо” ӨЖТ биримдиги терең ыраазычылык билдиришти. Анткени айыл өкмөткө биримдик мүчөлөрү кайрылуу кат жазып 7000 сом акча каражатын тартып келишти, ал эми “Шарк” ӨЖТ биримдиги болсо ортолук сактоолуктарынан 7000 сом акча бөлүп, катышуучуларга 2 күн ичинде 14000 мин сомго тамак-ашын уюштурду.

Иш чаранын соңунда этноансамбль ийрими тарабынан жана балдар ӨЖТнун коштоосунда келген конокторго, катышуучуларга маанай көтөргөн концерттик программа тартууланды. 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата “Курманжан Датка” ӨЖТ биримдиги ортолук сактоолуктарынан 2000 сом акча бөлүп, балдардын майрамына карата өз белектерин тапшырышты.

1

3

4

5

6

7

Эрлан Давлатов, Ош облусу