Балдарга кам көрүү жана зордук зомбулуктун алдын алуу
24.12.2021 10:21
Ушул жылдын декабрь айында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагындагы №99-Нурлан Сайдиев атындагы мектебинде “Эрайым” АКБси тарабынан түзүлгөн “Жаш күч”, “Биримдик”, “Ак шумкар”, “Ынтымак” БӨЖТнун мүчөлөрү балдарды ыймандуулукка, адептүүлүккө жана маданиятуулукка тарбиялоо жана балдар арасындагы ар кандай кылмыштуулукту алдын алуу, зордук-зомбулук, мектеп рекетчилигине каршы күрөшүү багытында атайын тегерек стол уюштурду.
Мады айылында жөө адамдар басуучу жол курулду
15.12.2021 11:43
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан түзүлгөн “Курманжан Датка” ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү 2020-жылы Мады айыл өкмөтүнүн жетекчилигине үч сунуш менен кайрылышкан. Анын бири айыл аймактагы Беделов көчөсүндө (тротуар) жөө адамдар басуучу жол куруу сунушу берилген.
Китеп билим булагы
14.12.2021 09:37
“Китеп билим булагы” демекчи, китеп аркылуу адам баласы билимин өркүндөтөт, аң-сезимин өстүрөт. Ошондон улам да “билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деп да айтылат. Акыркы кездерде мектеп окуучулары компьютерге же болбосо телефонго байланып, бардык нерселерди Интернет булактарынан алып калышты.
Балдар өз жардам топтору СПИДге каршы
09.12.2021 10:05
Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районунун долбоорго кирген мектептердеги балдар өз жардам топтору декабрь айынын алгачкы күнүндө белгиленүүчү СПИДге каршы Бүткүл дүйнөлүк күнүндө “Вело жүрүш” акциясын уюштурушту.
Чеберчиликке каныктыруу сабактары
09.12.2021 09:34
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагы менен Базар-Коргон шаарында ачылган эне мектептерде чеберчиликке каныктыруу багытында ар түрдүү сабактар тез-тез өтүп келет.
Долбоор боюнча маалымат берүү иш-чарасы уюшулду
30.11.2021 10:07
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө ” долбоорунун үчүнчү фазасынын алкагында аткарылган иштин жыйынтыгынан маалымат берүү жыйыны долбоордун Жалал-Абад облусу боюнча камтыган аймагында өттү.
Диний радикализмди, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча тегерек стол
20.11.2021 14:15
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагында «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган “Шарк” ӨЖТ Биримдиги тарабынан 2021-жылдын 16-ноябрь күнү «Жергиликтүү деңгээлде диний радикализм, экстремизм жана терроризмдин алдын алууда жергиликтүү бийликке көмөктөшүү» тегерек столу болуп өттү. (Айыл өкмөткө 2020-жылы 3 Биримдиктер тарабынан берилген 9 сунуштун бирөөсү аткарылды).
ӨЖТ Биримдиктери менен жергиликтүү бийликтин биргеликтеги аракеттери
20.11.2021 13:34
Үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында Кара-Суу районундагы ӨЖТ Биримдиктери тарабынан 2020-жылы Мады, Шарк жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүнө киргизилген 9 сунуштардын аткарылышы боюнча кезектеги жыйын болуп өттү.
Балдардын укуктары жана милдеттери тууралуу окутуу
16.10.2021 10:05
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Базар-Коргон районундагы долбоор мүчөлөрү райондук билим берүү бөлүмүнүн кесиптик кошунунун адистери менен биргеликте райондогу №26 Кудайбердиев атындагы орто мектептин окуучуларынын арасында “Балдардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги” аталышындагы жолугушуу уюштурушту.
Кара-Сууда ачылган кичи ишкерликтердин көргөзмөсү
20.11.2021 10:32
2021-жылдын 16-ноябрында «Эрайым» АКБнин жетекчилиги жана уюмдук өнүктүрүү жана фандрайзинг боюнча ыктыярчы-эксперт Юлия Сухардын катышуусундагы долбоор аймагына болгон иш сапардын алкагында Кара-Суу районундагы ӨЖТнун ишкердиги боюнча көргөзмө уюштурулду.