logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Дильнозанын маселеси оң жагына чечилди

1115.03.2021   10:28

Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын тургуну Астанакулова Дильноза өткөн жылдын ноябрь айында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусу боюнча долбоор юристи Гүлнара Ташиевага кайрылган.

Толугураак...

Кара-Сууда медиаторлор өз ишин баштады

1

26.02.2021  11:07

Ош облусунудагы ачылган «Улуттук медиация борбору» ушул жылдын 21-февралында жергиликтүү медиаторлордун кезектеги чогулушу болуп өттү. Ага Улуттук Медиация бөлүмүнүн башчысы Авазбек Шамшиев жана тажрыйбалуу медиаторлордон Тамара Токтосунова, Салия Тайлакова баштаган бир топ өкүлдөр, ал эми жергиликтүү жаңы даярдалган медиаторлордон Дилфуза Анарбаева, Дилшод Кадирходжаев, Кыял Мамажанова, Гүлкайыр Жолдубаева жана Өз жардам топторунан тандалып алынган медиаторлордон Наргиза Хусанова, Камила Эрмекбаевалар катышты.

Толугураак...

Демократия, медиация үчүн жакшы негиз

326.02.2021   10:43

Төмөндөгү макала биринчи жолу Француз тилинде Улуттук Медиаторлор Ассоциациясынын (ANM France) журналынын 2020-жылдын ноябрь айында чыккан санында жарыяланган. Макаланы колдонууда сөзсүз түрдө анын булагына шилтеме кылыңыз.

https://www.anm-mediation.com/article.php?fullid=136483

Бул макала Жапаров мырза парламенттик шайлоону бурмалоонун натыйжасында конституциялык эмес жол менен бийликке келген 4-октябрга чейин жазылган. Бул демократиянын морттугун көрсөтөт. Бирок, жарандык коом дагы деле болсо жигердүү.

Толугураак...

Ош шаарында Алишер Навоийнин 580 жылдыгы белгиленди

124.02.2021   09:12

“Эрайым” уюмунун Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районунда уюшулган ӨЖТлардын “Шарк” Биримдиги жана Нариман айылында жаңыдан түзүлгөн “Саховат” , “Биримдик” ӨЖТнун мүчөлөрү менен ушул жылдын 19-февраль күнү Ош шаарында өткөрүлгөн Алишер Навоийнин 580 жылдык маарекесине катышты.

Толугураак...

Ирода жаңы паспорт алды

022.02.2021  12:14

Базар-Коргон айылынын тургуну Толкунбек кызы Ирода бир жылдан бери паспорт ала албай, катуу кыйналып келген. Анын себеби, биринчиден мурдагы паспортунун мөөнөтү өтүп кетип, жараксыз болуп калган. Аны алмаштырып алууга убактысы, мүмкүнчүлүгү да жок болчу.

Толугураак...

Аралыктан жоопчеттор берилди

122.02.2021   11:23

«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун экинчи фазасы боюнча иш алып барып жаткан Жалал-Абад облусундагы топ менен уюмдун жана долбоордун жетекчилигинин онлайн форматындагы жыйыны өттү.

Толугураак...

Үйдүн кызыл китеби калыбына келтирилди

218.02.2021   10:23

Мавлюда Рахманова 2004-жылы Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынан турак жай сатып алган. Үйдү жолдошунун атына каттатышкан эле. Бирок, жолдошу каза болуп калгандан кийин ал үйдү мыйзамдуу түрдө өзүнө каттатып алуу зарылдыгы бар эле.

Толугураак...

БӨЖТ мүчөлөрү ооган ардагерлерине концерт тартуулашты

117.02.2021   10:45

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө ушул жылдын 15-февраль күнү “Эрайым ”аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы балдар өз жардам торторунун мүчөлөрү Ооган ардагерлерине майрамдык маанай тартуулашты.

Толугураак...

Долбоор аймагында кубанарлык ишкерликтер башталды

117.02.2021   10:23

Австралия Өкмөтүнүн Тике жардам программасынын (DAP) алкагында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргызстандын айыл аймактарындагы аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоору боюнча Кара-Суу районундагы 3 өз жардам тобуна ишкерликти колдоо багытында 2020-жылдын соңунда 450 миң сом өлчөмүндө грант берилген.

Толугураак...

Көрктөндүрүү иштерин баштаган “Керме-Тоо” ӨЖТ Биримдиги

105.02.2021   11:15

Көрктөндүрүү иштерин баштаган “Керме-Тоо” ӨЖТ Биримдиги 2021-жылдын 4-февралында “Керме-Тоо” ӨЖТ биримдигинин мүчөлөрү шыкактоо жана талам-талашуу ыкмасы менен №117-К.Маткеримов атындагы орто мектебинде экологиялык багытындагы иш-чараларды өткөрүү үчүн Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө кайрылуу жасашты.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru