Кара-Сууда 9 күндүк окуу өткөрүлдү
28.02.2022 09:35
Үстүбүздөгү жылдын 18-26-февралдар аралыгында “Жердин такырлануусун алдын-алуу”, “Органикалык таза продукцияны алуу” жана “Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү” темаларын камтыган 9 күндүк техникалык көнүгүмдөр курсу болуп өттү.
Аталган иш-чара Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоордун алкагында уюштурулуп, аны дасыккан тажрыйбалуу тренер Байыш Жолдошев өткөрдү.
“Глобалдуу экологиялык көйгөйлөрдөн улам болуп жаткан коркунучтарды алдын алууну ар бир инсан ойлонуусу керек. Катышуучулар жердин такырлануусу жана анын кесепеттерин билүүсү, тамак-аш коопсуздугу айыл чарба продукцияларын таза жана туура өндүрүдөн көз каранды экенин ар бирибиз аңдышыбыз керек” – дейт тренер Байыш Жолдошев.
“Көнүгүм курсуна Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн, Шарк, Мады айыл аймактарынын ар биринен 25 катышуучудан катышып, жалпы 75 керектөөчү жаңы маалымат алышып, өз билимдерин көтөрө алышты” - дейт долбоордун Ош облусу боюнча жергиликтүү тирекчиси Икрам Исраилов.
“Көнүгүмдөр курсу мен үчүн аябай кызыктуу болду. Биз көп пайдалуу маалыматтарды ала алдык. Алган билимибизди тажрыйба жүзүндө колдонуп, башкалар менен дагы бөлүшөбүз” деп кошумчалады Кызыл-Кыштак айылынын тургуну - Усманова Фатима.
Эрлан Давлатов, Ош облусу