ӨЖТ биримдиктери КР Президентине кайрылуу кат жолдошту
02.03.2022 10:28
Ушул жылдын 1-мартында Ош дубанына караштуу Кара-Суу районундагы Шарк, Мады жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарында түзүлүп жана коомчулуктагы көйгөйлүү маселелерди жигердүү чечип келе жаткан ӨЖТ биримдиктеринин мүчөлөрү КРнын президенти Жапаров Садыр Нуркожоевичке кайрылуу кат менен кайрылышты.
Мында ӨЖТ биримдиктери өкмөт тарабынан айыл-чарбасын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыялар бериле тургандыгы карапайым элге жакшы колдоо жана шарт экендигин белгилешкен, бирок ошол эле кезде ал насыяларды алууда болгон кыйынчылыктарды белгилешип, аларды айыл өкмөттөр жана мамлекеттик банктар биргеликте карап, жеңилдетип берүүсүн өтүнүшкөн. “Айылдагы фермерлер мамлекеттик банктан жеңилдетилген насыяларды ала алышса, алар мал чарбасын, дыйканчылыкты түптөп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтө алышат. Кайрылуу кат өлкө башчысы тарабынан колдоого алынат деген ишеним бар.” дейт Кара-Суу районундагы ӨЖТ тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева.
Эскерте кетсек ушул жылдын февраль айында 3 ӨЖТ биримдигинин мүчөлөрүнө “Коомчулук менен мамилелешүү жана РR өнөктүгү” темасында окуу көнүгүм өткөрүлгөн. Аталган окууда катышуулар медиа агымы менен иштөөнү жана социалдык тармактарда маалыматтарды туура жайгаштыруу, коомчулук менен байланышуу боюнча билим алышып, ал көнүгүмдүн таасиринде өздөрүнүн бир топ көйгөйлөрүн социалдык тармактарда жайгаштыра башташты.
Эрлан Давлатов, Ош облусу