128.02.2022  10:07

Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында “Кичи ишкерликти баштоо” жана “Ишкерлигинди өнүктүр” темаларындагы 3 күндүк көнүгүм курсу долбоордун керектөөчүлөрүнө өткөрүлдү.

Окуу ушул жылдын 24-25-26-февралдарында Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн жана Нариман айыл аймактарында уюшулуп, ага ӨЖТ мүчөлөрү жана башка кызыкдар тараптар катышышты.

Көнүгүмдүн негизги максаты долбоор аймактарында иштеп жаткан жана жаңыдан ачылып жаткан кичи ишкерлерге колдоо көрсөтүү болуп саналат. Окуунун жүрүшүндө катышуучулар SWOT анализ, макро жана микро сарасеп, маркетиңгдик жана өндүрүш планын, чыгымдардын түрлөрүн, киреше жана чыгаша түрлөрүн, Кыргыз Республикасынын ишкерликти жөнгө салуучу тийиштүү мыйзамдарын үйрөнө алышты дейт машыкчы Абдилбоки Толипов.

Көнүгүм теория менен практиканын айкалышы менен өткөрүлдү. Окуу 3-күнүндө катышуучулар практика жүзүндө машыкчы тарабынан даяр ачылып иштеп жаткан бизнести үлгү катары алып, аны анализдеп жыйынтыгында өздөрүнө керектүү болгон маалыматтарды алуу менен ар бир катышуучу көз жетерлик ишкерликти тандап чыгышып, ошонун негизинде бизнес планын жазып чыгууга жетиштик дейт “Жакшылык” ӨЖТ тобунун мүчөсү Чынара Жапарова.  

2

3

4

5

6

Эрлан Давлатов, Ош облусу