Ой жүгүртүү жана коомчулук менен мамиле түзүү багытындагы үч күндүк окутуу
19.04.2022 17:39
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда уюшулган ӨЖТ биримдиктеринин ордо мүчөлөрү үчүн үч күндүк тренинг уюшулду.
«Ак тилек» ӨЖТ Биримдигиндеги үч күндүк окутуу
19.04.2022 16:33
Долбоордун алкагында уюшулуп, аракеттерин жүргүзүп жаткан Базар-Коргон районундагы “Ак тилек” ӨЖТ Биримдигинин жалпы мүчөлөрү үчүн «Кичи ишкерликти баштоо» жана «Ишкерликти өнүктүрүү» деген аталышта үч күндүк окутуу жүрдү.
ӨЖТ Биримдиктери үчүн пайдалуу тренинг
19.04.2022 15:23
Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда уюшулган ӨЖТ биримдиктеринин активисттери үчүн төрт күндүк тренинг уюшулду.
Аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү
04.04.2022 09:15
Жаз келип, бардык аймактарда айлананы көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жаткан кезде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылында “Эрайым”АКБси тарабынан уюшулган “Керме-Тоо” ӨЖТ Биримдиги менен “Даанакер”, “Өнүгүү”, “Достук”, “Келечек жаштары” БӨЖТ топторунун мүчөлөрү четте карап турбастан, алар да өздөрүнүн айылындагы №117-К.Маткеримов атындагы мектебинин бош жаткан жерлерине бак тигүүнү колго алышты.
Эне мектептери үчүн мастер класс
02.04.2022 11:07
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору боюнча Жалал-Абад облусунун психологу Жылдыз Калдарбекованын жардамын алып жаткан Базар-Коргон шаарынын тургуну Мамашева Гүлсана айым өзүнүн чеберчилигин долбоордун алкагында уюшулган эне мектептердин тарбиячыларына үйрөтүп,атайын мастер класс уюштурду.
«Таза уя» экологиялык лагери уюшулду
02.04.2022 10:15
Жалал-Абад жергесинде мектеп окуучулары үчүн “таза уя” лагери уюшулду. Ал Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөгнбаев аптындагы жатак мектебинде үч күн болду. Ага жалпы элүү окуучу катышты. Негизинен бул лагерге тандоо анкета толтуруу ыкмасында жүргөн.
Эне мектептери үчүн Компьютердик сабаттуулук сабагы
02.04.2022 09:25
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору боюнча Жалал-Абад облусундагы балдардын өз жардам тобунун тирекчиси Азиз Орозалиев эне мектептеринин тарбиячылары үчүн компьютердик сабаттуулук сабагын өттү.
Жаңы мыйзамдар боюнча ӨЖТ мүчөлөрүнө маалымат
30.03.2022 10:38
Кара-Суу районундагы Шарк, Төлөйкөн айыл аймактарында ушул жылдын 25-26-март күндөрү “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош облусундагы укук кеңешчиси Дильшод Кадирходжаев Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү” боюнча чаралар жана салык кызматынын өзгөртүлгөн жаңы мыйзамдары тууралуу ӨЖТ мүчөлөрүнө маалымат берди.
Ынтымак, Достук, Биримдик
28.03.2022 10:23
Үстүбүздөгү жылдын 21-мартында Кызыл-Кыштак, Мады, Шарк айыл аймактарында “Эрайым” уюмунун “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун алкагында уюшулган «Керме-Тоо», «Курманжан-Датка», «Шарк» ӨЖТ Биримдиктери жана ӨЖТ топтун жигердүү мүчөлөрү тарабынан “Кут толгон Нооруз – достуктун майрамы” аттуу иш чарасы уюштурулуп, жер-жерлерде салтанаттуу түрдө белгиленди.
Ограникалык азык түлүк өндүрүүгө арналган окутуу
25.03.2022 11:30
“Органикалык чарба жүргүзүүнүн максаттары, багыттары, зарылчылыктары, талаптары, стандарттары” темасындагы үч күндүк окутуу көнүгүм ӨЖТ мүчөлөрү үчүн уюштурулду.