ӨЖТ Биримдиктеринин онлайн жыйыны
14.03.2022 11:36
Ушул жылдын 6-9-март аралыгында “Шарк”, “Курманжан Датка”, “Керме-Тоо” ӨЖТ биримдиктери “Эрайым”АКБнин Бишкек шаарындагы ӨЖТ боюнча эксперт Абдылас Кошумбаев менен онлайн жыйындарын өткөрүштү.
Иш-чаранын алкагында ӨЖТ жана ӨЖТ биримдиктеринин артыкчылыктуу иш багыттары, максаттуу топтордун муктаждыктары жана 5 багыттагы ишмердүүлүк боюнча жылдык календарлык планы талкууланып, аларга толуктоо жана кошумчалар киргизилди. Өткөрүлгөн жыйындардын негизги максаты - ӨЖТ Биримдиктеринин 1 жылдык иш-болжомун биргеликте иштеп чыгуу болуп саналат.
Жыйындын жүрүшүндө ӨЖТ жана ӨЖТ биримдиктери долбоор аймакатарындагы артыкчылктуу көйгөйлөрү аныкташты. Жыйынтыгында Мады айылында жол белгилерин орнотуу, таза суунун агымын күчөтүү, кичи ишкерликти өнүктүрүү жана пайдалуу окуу-көнүгүмдөрдү мезгил-мезгили менен уюштуруу сунуштарын киргизилди. Ал эми Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Ишкаван айылында жолдордо жөө адамдар басуучу жолдорду жасоо, чоң каналдын жээктерин тосуп чыгуу, топтордун ортолук сактоолуктарын көбөйтүү сунуштары айтылды. Шарк айылында болсо ӨЖТ биримдиктери алдыда №16-Абу Али ибн Сино атындагы орто мектебин жаңылоо, ФАПтын кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жакшыртуу, күнөскана ишкерлигин кеңейтүү, тигүү цехтерин ачып, аны иштетүү боюнча иш болжомго сунуштар берилди.
Онлайн форматындагы жыйындарды бир айда 1 же 2 жолу ӨЖТ тирекчисинин жана ӨЖТнун экспертинин катышуусу менен өткөрүп турууну, аны менен бирге тажрыйба алмашуу иш-чараларын дагы уюштуруп турууну колдоого алышты.
- “Өткөрүлгөн жыйындардын жүрүшүндө Германиядан келген уюмдун өнүктүрүү жана фандрайзинг боюнча ыктыярчы - эксперт Юлия Сухардын катышуусунда жүрүп жаткан ӨЖТ Биримдиктеринин чогулушуна катышып жана алардын ишмердүүлүктөрү, иш кагаздары менен таанышып чыкты” - дейт доолбоордун координатору Икрам Исраилов.
Эрлан Давлатов, Ош облусу