Долбоордун жаңы кадамдары
22.10.2014 12:10
Жалал-Абад: «Cалттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүк жергесинде достукту жана биримдикти чыңдоо» долбоорунун алкагында Жалал-Абад шаарына караштуу Чынгыз Айтматов атындагы муниципалдык башкаруусунда жана Базар-Коргон районундагы айыл аймагында түзүлгөн Жумушчу топтун соцадиси Жолдошова Зулайка сентябрь айында, жаңы окуу жылынын башталышы менен аталган аймактардагы мектептердин бардык ийрим жетекчилери менен бирдикте бир айлык иш санжабын түзүп чыкты.
Долбоордун жарым жылдык жыйынтыгы чыгарылды
07.10.2014 19.18
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин демилгеси менен ушул жылдын башында ишке аша баштаган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо» долбоорунун аткарылышын же жарым жылдык жыйынтыгын чыгарган жыйын болуп өттү.
«Эрайымдын» филиалы ачылды
07.10.2014 18.40
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында өзүнүн филиалын ачты. Аталган уюмдун жетекчиси Рахила Жусупованын айтымына караганда филиалды ачуудагы негизги максат уюмдун ишмердүүлүгүн кеңири жайылтуу.
Австралия элчилигинин өкүлдөрү менен “Эрайымдын” жолугушуусу
13.09.2014 16.44
2014-жылдын 12-сентябрында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесине Австралиянын Москвадагы элчилигинин кызматкерлери кеңешчи, элчинин орун басары Мелисса О’Рурк (Melissa O’Rourke), элчиликтин 1-катчысы Майкл Кортефф (Michael Kourteff ) жана элчиликтин саясий бөлүмүнүн кызматкери Наталья Чудиновскаялар келишти.
Өз жардам топторунун демилегелери
13.09.2014 16.21
Германия мамлекетиндеги “Дүйнөгө нан” уюмунун колдоосу менен “Эрайым” аялдар коомдук уюму ишке ашырып жаткан «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүк жергесинде достукту жана биримдикти чындоо» долбоорунун алкагында Жалал-Абад областындагы Жалал-Абад шаарына караштуу Ч. Айтматов муниципиалдык аймагында жана Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон, Акман айыл аймактарында түзүлгөн чоңдордун Өз Жардам топтору өз аймактарындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында демилгелүү аракеттерди жүргүзүп жатышат.
Англия менен достук алакага данакер уюм
08.08.2014 17:14
“Башка мамлекеттер менен достук, кызматташтык, же ал өлкөлөрдүн жарандары менен алаканы жалаң гана мамлекеттик деңгээлде чечүүгө болот” деп келсек, бүгүнкү күндө андай маселеде ар бир жаран, топ же кандайдыр бир уюм, анын ичинде бейөкмөт уюмдар да өз салымын кошуп жатканын көрүп, билип жүрөбүз. Алардын сабында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси бар. Өз таржымалында Кыргызстан эгемендүүлүктү колго алган жылдардан бери уюшулуп, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө кандайдыр бир деңгээлде салым кошуп келе жаткан аталган уюмдун жетекчиси Рахила Жусупова менен бул ирет Англиянын бейөкмөт уюмдары, жарандары, а түгүл бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси менен болгон байланыштары тууралуу маек курдук.
Ысык-Көл районундагы Бает жана Сары-Ой айылдарындагы ӨЖТ Биримдигинин маданий иш чарасы
07.08.2014 15:42
2014-жылдын 31- июлунда Сары-Ой айылындагы маданият үйүндө 19 мамлекеттен келген 46 чет элдик меймандар менен ӨЖТ Биримдиктеринин биргелешкен маданий иш чарасы болуп өттү. Келген меймандарды “Биз сиздерди көргөнгө абдан кубанычтабыз! “ урааны менен улуттук кийим кийген улуу муундагы байбичелер тосуп алышты.
Кыргызстандагы Улуу Британия элчиси Ак-Өргөөдө
07.08.2014
Аптатуу июль айынын аягында Кыргызстандагы Улуу Британия элчиси Джудит Фарнворт (Judith Farnworth) айым Ак-Өргөөдөгү № 77-орто мектепте жайгашкан “Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмеси негиздеген “Бүчүр” окуу борборуна келип кетти.
Пресс-релиз
Көп тил билүү азыркы жашоонун негизги талаптарынын бири болуп калганы баарыбызга белгилүү болуп калды. Бүт ата-энелер балдарынын англис, немец, француз, кытай тилдерин билүүсүнө аябай аракеттерди жасашып, бүт мүмкүнчүлүгүн жумшашат. Бирок муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары көп учурда каржылык каржалуудан улам, акы төлөп тил курстарына бара албай калган учурлары абдан эле көп учурайт.
Бул көйгөйдү чечүү максатында“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси 2000-жылдан бери өздөрүнүн максаттуу топторунун жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын англис тилин өздөштүрүүсүнө терең көңүл буруп келишүүдө. Эң алгачкы жылдары жай мезгилинде жергиликтүү англис тилчи мугалимдер аркылуу балдарга англис тилин үйрөтүшсө, бара-бара англичандардын өздөрүнө байланышка чыгууга жетишишти.
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси 2004-жылдан бери англиялык англис тилчи мугалими Клэр Ривз (Claire Reeves) менен бирдикте “Жайкы англис тили мектеби” долбоорун иштеп чыгышып, дайыма “Эрайым” түзгөн өз жардам топторунун (ӨЖТ) мүчөлөрүнүн балдары менен кошо муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына англис тилин үйрөтүүгө аракет жасап келишүүдө.
Быйылкы “Жайкы англис тили мектеби” долбоорунун алкагында Англиядагы Сент-Эндрюс, Бристол, Шеффилд Университеттеринен 8 студент ыктыярчы катары келишти. Бүгүнкү күндө ыктыярчылар Чүй, Ат башы, Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда иштешип, 485 окуучуга англис тилин үйрөтүшүдө. Мындан сырткары 2 англиялык англис тилчи мугалимдери Кыргызстандык англис тилчи мугалимдерине Атбашы районунда 10 күндүк курс өтүштү. Курска 23 англис тилчи мугалими катышты.
Англиянын Кыргызстандагы элчиси Джудит Фарнворт (Judith Farnworth) айым да англиялык ыктыярчылардын “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен биргеликте жайкы англис тил мектебин уюштурушуп, кыргыз балдарынын англис тилин үйрөнүп жатышкандыктарына кайдыгер эмес. Ал былтыр келип ыктыярчылардын сабактарына катышып, бул долбоордун ийгиликтүү болушуна өз калоолорун айтып кеткен эле. Быйыл да элчи айым англиялык ыктыярчылардын сабактарына катышууга кызыкдар болууда. Элчи айым ушул жылдын 30-июлунда Бишкек шаарына караштуу Ленин районунда жайгашкан Ак-Өргө конушундагы “Эрайым” негиздеген № 77-орто мектептин имаратында жайгашкан “Бүчүр” окуу борборунда уюшулган “Жайкы англис тили мектебине” келип англиялык ыктыярчылардын сабагына катышмакчы. Ал саат 10.00-11.00ге чейин боло тургандыгын билдирди.
Англиялык ыктыярчылардын Кыргызстандагы иш-аракеттери
30.07.2014
Көп тил билүү азыркы жашоонун негизги талаптарынын бири болуп калганы баарыбызга белгилүү болуп калды. Бүт ата-энелер балдарынын англис, немец, француз, кытай тилдерин билүүсүнө аябай аракеттерди жасашып, бүт мүмкүнчүлүгүн жумшашат. Бирок муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары көп учурда каржылык каржалуудан улам, акы төлөп тил курстарына бара албай калган учурлары абдан эле көп учурайт. Бул көйгөйдү чечүү максатында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси 2004-жылдан бери англиялык англис тилчи мугалими Клэр Ривз (Claire Reeves) менен бирдикте “Жайкы англис тили мектеби” долбоорун иштеп чыгышып, дайыма “Эрайым” түзгөн өз жардам топторунун (ӨЖТ) мүчөлөрүнүн балдары менен кошо муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына англис тилин үйрөтүүгө аракет жасап келишүүдө.