Долбоордун жаңы кадамдары
22.10.2014 12:10
Жалал-Абад: «Cалттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүк жергесинде достукту жана биримдикти чыңдоо» долбоорунун алкагында Жалал-Абад шаарына караштуу Чынгыз Айтматов атындагы муниципалдык башкаруусунда жана Базар-Коргон районундагы айыл аймагында түзүлгөн Жумушчу топтун соцадиси Жолдошова Зулайка сентябрь айында, жаңы окуу жылынын башталышы менен аталган аймактардагы мектептердин бардык ийрим жетекчилери менен бирдикте бир айлык иш санжабын түзүп чыкты.
Мектеп директорлору менен жолугуп, жаңы окуу жылында ийримдерге катышкан окуучулардын санына эмес, сапатына көңүл бөлүү жагдайын белгиледи. Ошондой эле балдардын тартибине, билим алуусуна көзөмөл жүргүзүүчү «Эне мектебин» түзүү жагдайы боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Ош: Долбоордун Ош дубанына караштуу Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарынын айылдарындагы жашоочулардын достугун чыңдоо, биримдигин арттыруу багытында, Азия элдеринде илгертен колдонуп келген Өз жардам топторун уюштуруу аракеттеринин Кара-Суу районундагы Шарк айылынын тирекчиси Мамажанова Кыял Кызыл-Кыштак айыл аймагында өткөн Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык мааракеге катышты. Ошону менен бирге ушул эле айыл аймагынын мектептеринде өткөн “Билим күнүнө” арналган салтанаттардын күбөсү болуп, окуучулар менен жолугушту. Жаңы окуу жылы башталганда жыл башынан бери иштеп келе жаткан балдардын Өз жардам топторунун катарын көбөйтүү маселесин козгоп, демилгелүү окуучуларды мындай топко кошулуп, өз мектеби, айылы үчүн пайдалуу иш жасоого үндөдү.
Жалал-Абад: Долбоордун алкагында Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарына караштуу Чынгыз Айтматов атындагы аймактык муниципалдык башкаруусунун №17-орто мектеби жана Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагынын Ж.Бөкөмбаев атындагы жатак мектебинин окуучуларынын арасында уюшулган комуз ийримиинин жетекчиси Бурул Стамкулова ийримге катышкан окуучулардын сабакка активдүү катышуу менен кыргыздын улуттук музыкалык аспабы болгон комузду үйрөнүүгө кызыгуулары артып бара жаткандыгын белгилейт. Анын айтымыенда “айрыкча Токтогул Сатылгановдун күүлөрүн үйрөнүүгө басым жасалып жатат. Ийримдин бардык катышуучулары “Жаштар маршы” күүсүн эркин чертип, айрымдары эл алдына чыгуу мүмкүнчүлүгнө да ээ болуп калышты. Ошону менен бирге айрым окуучулар комузга үн кошуп, ырдоо аракетин да көрө башташты. Албетте, комуз күүсүн үйрөнүүгө кыска аралыкта жетишүүмүмкүн эмес. Ага бери жагы эле 4-5 ай убакыт талап кылынат. Андыктан ийримдин катышуучуларына ар бир өткөн сабакка үзгүлтүксүз катышуулары үчүн талапты катуу коюп жатам. Эң алдын комуз үйрөнүүгө окуучунун ынтаасыкүч болуусу шарт. Мисалы, Кабылова Айжамал аттуу окуучу кыска аралыкта комузду үйрөнүп, азыр “Перизат”, “Энекем” аттуу чыгармаларды ырдап, эл алдына аткарып калды. ”- дейт ал.
Ош: Бул долбоорго тартылган Ош дубанынын Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы калктын ынтымагын чыңдоо багытында иш алып барып жаткан Мады айыл аймагы боюнча тирекчи Аманбаева Рахмуниса өз иш аракетин жандантып, эл арасында көп болуу, ар кандай маселелерди биргеликте чечүү, элдин үнүн угуу, алардын сунуш пикиринин негизинде иш алып баруу аракетин көрүүдө. Ал Кызыл-Кыштак айыл аймагында өткөн бардык маданий-массалык иш чараларга күбө болуп, эл алдында сөзсүйлөө менен демилгелүү адамдардын башын кошкон Өз жардам топторун түзүү сунуштарын айтууда. Эгемендүүлүк майрамына, “Билим күнүн” өткөрүү салтанаттарына, Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары макамга ээ болуусунун 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш чараларга катышты. Ошону менен бирге аталган айыл аймагында “Эне мектебин” түзүү сунушун киргизди.
Жалал-Абад: «Cалттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүк жергесинде достукту жана биримдикти чындоо» долбоорун Жалал-Абад облусуна караштуу Жалал-Абад шаарынын Чынгыз Айтматов атындагы муниципалдык башкаруусунун жана Базар- Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айыл аймагындагы долбоорго кирген мектептерде түзүлгөн бий ийриминин жетекчиси Орозова Айсулуужаңы окуу жылынын башталган алгачкы күнүнөн тартып, ийримге катышуучуларды кайрадан тактап чыкты. Өткөн окуу жылында бул ийримге катышкан айрым окуучулар ар кандай себептер менен катардан чыгып кеткен жагдайлар да болду. Андыктан ийримге жаңымүчөлөрдү каттоо, аларга бий дүйнөсү тууралуу маалыматтарды берүү менен жаңы сабагын баштады. Адаттагыдай эле бийдин өзгөчөлүгү, адам жашоосундагы орду, ага тийгизген таасири, жалпы дене түзүлүшүчүн тийгизген жагымдуу таасири жана ден соолукка да пайдалуу экендиги боюнча жетиштүү маалыматтарды берди. Андан соң дүйнөлүк бийчилер, бийлердин түрү, кыргыз бийчилери боюнча атайын сабактарды өттү. Кыргыздын даңктуу бийчилери Бүбүсара Бейшеналиева, Рейна Чокоева, Айсулуу Токомбаева, Чолпонбек Базарбаевден тартып азыркы кездеги жаш бийчи Атай Өмүрзаковдор боюнча маалыматтарды берди. Акыркы кезде дүйнөлүкдеңгээлде да кеңирисөз болуп жаткан “Кара жорго”, “Кыргыз бийи” боюнча да сабактарды өтүп, балдардын бий өнөрүнө болгон кызыгууларын арттырды.
Жалал-Абад: «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүк жергесинде достукту жана биримдикти чыңдоо» долбоорунун Жалал-Абад дубанынын Жалал-Абад шаарына караштуу Ч. Айтматов атындагы муниципиалдык аймактык башкаруусунун жана Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагындагы долбоорго кирген мектептердин окуучуларынын арасында түзүлгөнкол өнөрчүлөр ийриминин жетекчиси Сеитова Асел өз окуучуларын кол өнөрчүлүккөүйрөтүү иштерин жандандырууда. Мектеп окуучулары жайкы эс алуу учурунда ийримге келүүлөрүн бир азга болсо да басаңдаткандай болду. Анткени, айрым окуучулар үй шартына карап, ата-энелерине жардам беришип, айрымдары жайлоолорго чыгышып, башка аймактарда болушуп, ийримдин ар күнкү сабагына үзгүлтүксүз катыша албаган учурлар да кездешкен. Эми жаңы окуу жылы башталганы бардык катышуучу сабакка келип, кийизди иштетүү, кийизден ар кандай буюмдарды жасоону башташты. Мисалы,кийизденгүлжасоо,браслет жасап, коздоо, кыз-келиндердин жасалгасы салына турган чакан сандыкчаны жасоону үйрөнүштү. Ийрим жетекчисинин айтымында “балдардын кызыгуулары жакшы, ар бир сабакта жаңыныүйрөнүүгө аракет жасашат”.
Жалал-Абад: Долбоордун Жалал-Абад шаарындагы Чынгыз Айтматов атындагы муниципалдык аймактык башкаруусундагы жана Базар Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айыл аймагындагы түзүлгөн Чоңдор ӨЖТларынын тирекчиси Боронбаева Кишимжан долбоорго кирген мектептердеги окуучулардын жаңы окуу жылынын башталышына арналган “Билим күнү”салтанатына катышып билим мектептердин жалпы мугалимдер жамаатын, окуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы, майрамы менен кызуу куттуктап кетти. Сөз арасында ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, окуучуларды жыл башынан бери иштеп жаткан жаңы долбоор тууралуу маалымат берип, ушул долбоордун негизинде түзүлгөн ийримдерге катышууларын сунуштады. Жалал-Абад шаарына караштуу Чынгыз Айтматов муниципалдык аймактык башкаруусунун жетекчиси Максат Жолонов менен жолугушп, бул башкарууга караштуу мектептерде түзүлгөн чоңдордун жана балдардын Өз жардам топторунун ишин жанданырууга салым кошууга чакырды. Биргеликте иш жүргүзүү, аймактагы айрым чечилбей келе жаткан көйгөйлүүмаселери биргеликте чечүү жагдайында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жалал-Абад шаарындагы №7 Алым Усман атындагы орто мектептин жетекчилиги менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, ӨЖТлар боюнча маалымат берди, концепциясын тапшырды, мектептеги ийримдердин ишин жандандырууга жетекчилик да кол кабыш көрсөтүүсү зарыл экендигин белгиледи. Демилгечи топтун мучолорун тактоо жана башчысын шайлоо, балдардын “Ынтымак” жана чондордун “Биримдик” Өз жардам топторунун иш аракети менен таанышты.
Бактыкан Ажымаматова