""Эрайымдын" филиалы ачылды07.10.2014  18.40

«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында өзүнүн филиалын ачты. Аталган уюмдун жетекчиси Рахила Жусупованын айтымына караганда филиалды ачуудагы негизги максат уюмдун ишмердүүлүгүн кеңири жайылтуу.

«Биздин уюм 1996-жылдан бери республика боюнча иш алып барып, миллиондогон сомдук грант жана инвестицияларды тартуу менен мамлекетибиздин өнүгүүсүнө, элибиздин жашоо деңгээлин көтөрүүгө жакшы эле салым кошуп келе жатат. Тилекке каршы, биз тарткан каражаттар негизинен Кыргызстандын Түндүк аймагында басымдуулук кылып жатат. Быйылкы жылы Ош жана Жалал-Абад облусттарынын мектептери жана айыл аймактары үчүн жакшы долбоор тарттык. Учурда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы төрт айылдык аймагындагы мектептер, айылдар жана Жалал-Абад олусуна караштуу Базар-Коргон районундагы эки айыл аймагы менен Жалал-Абад шаарына караштуу Чынгыз Айтматов атындагы аймактык башкаруусунун жашоочуларына пайда алып келе турган долбоор ишке ашырылып жатат. Германия мамлекетинин «Дүйнөгө нан» уюму колдоого алган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо» аталышындагы долбоор мектеп окуучулары, ата-энелер, коомчулукту ынтымакка чакыруу менен алардын активдүүлүгүн көтөрүүгө чоң өбөлгө болмокчу. Мектептерде англис тили, комуз, шахмат, тайцзи, китеп сүйүүчүлөр, бий ийримдери иштеп, чоңдор менен балдардын Өз жардам топтору уюштурулуп, алардын жакшы жана жигердүү жашоого болгон ынтызарлары азыртан эле байкала баштады. Ушул долбоордун алкагында Базар-Коргондо атайын филиалыбызды ачып, иштөө шартыбызды жакшыртуу жана активдештирүү максатын көздөдүк. Бул жайда бардык оргтехникалар алынып, мындагыларды өндүрүмдүү жана максаттуу иш алып барууларына жетиштүү шартнаамалар жаралды» - дейт Р.Жусупова айым. 

officestuff

officestuff2

officestuff1

Б. Ажымаматова