Насыя алышты
03.02.2016 17:36
Ош дубанынын Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагынын Падаван айылындагы А. Сыдыков көчөсүндө жашаган кыз-келиндеринин 8 мүчөдөн турган «Ыйман Нуру» Өз Жардам тобу 2014-жылдын май айында түзүлгөн. Алардын негизги максаттары айылдагы бир катар көйгөйлүү маселени көтөрүп чыгып, аны оң жагына чечүү үчүн элдин активдүүлүгүн көтөрүү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып баруу.
Айылдагы башкы маселенин бири жумушсуздук жана анын айынан жаш үй-бүлөлөрдүн сыртка кетип жатышы, жол маселеси, Бала бакчанын жоктугу. Бул маселенин бардыгын кыска аралыкта оң жагына чечүү мүмкүн болбосо да, кайсы бир деңгээлде айылдыктар үчүн пайдалуу иш жасоого боло тургандыгын алар иш үстүндө көрсөтө алышты жана айылга тигүү цехин ачышты. Бул топ адегенде окуу көнүгүмдөрдөн өтүштү. Андан кийин ортолук фонд топтошту, тигүү цехине керектүү жабдык алышып, жергиликтүү шартка ылайыктап улуттук буюмдарды, кийим кечелерди тиге башташты. Алардын кардарлары да улам артып баратат. “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош облусу боюнча коомчулук менен иш алып баруу кызматкери Эрлан Давлатовдун билдирүүсүндө “аталган ӨЖТ мүчөлөрү жаңырган жылдын алгачкы айынын соңунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан жүз миң сом акчаны насыя алышты. Эми алар бул каражатка кем карчтарын толукташат жана тигүү цехин толук кандуу ишке киргизишет.
Бактыкан Ажымаматова