Англис тилин үйрөтүүнүн жайкы мектеби 2015
27.07.2015 10:39
Акыркы он эки жылдан бери ар кайсы чет мамлекеттерден келген ыктыярчылар Кыргызстандын мектеп окуучуларына жана чоңдор арасында англис тилин акысыз үйрөтүүнү колго алып келишүүдө. Бул ирет Англия, Польша, Латвия, Сингапур, Америка жана Франция мамлекеттеринен ыктыярчылар келишип, адаттагыдай эле өз иш аракеттерин башташты. Алардын жаш өзгөчөлүктөрү ар кандай. Студенттерден тартып, эс алууда жүргөн ардагерлерге чейин бар.
Алардын максаты Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы мектеп окуучуларына англис тилин үйрөтүү менен катар чет тили мугалимдерине практикалык жардам да көрсөтүү.
Быйылкы жайкы мектепте алар Чүй районундагы Алчалуу, Ата-Башы районундагы бир катар мектептерде, Бакай-Ата районунда жана Бишкек шаарындагы Ак-Ордо кичи районундагы мектептерде болушат.
Алчалуу мектебине Францис Ходж мырза бөлүндү. Ал маркетинг боюнча адис, Англия мамлекетинин атуулу. Бирок, Советтер Союзу учурунда аталган өлкөдө жашаган жана иштеп, орус тилин мыкты өздөштүрүп алган. Ошол эле мезгилде чыгыш Европада жашап, иштеген. Анын жардамчысы катары Элой Даржент иштеп жатат. Ал Франция өлкөсүнүн атуулу, жыгач буюмдарын иштетүүнүн технологиясы адистигинде окуп жатат. Орус тилин бала күнүнөн бери үйрөнүп келет.
Ал эми Ата-Башы районуна Сингапурдан келген Исмаил Шого башында турган америкалык студент Александра Сегура жана Франция мамлекетинде билим алып жаткан польшалык студент Кэрол Лукзкалар бөлүнүшкөн. Алар эң алыскы жана тоолуу аймакты тандап алуу менен Кыргызстандын табигаты, жаратылышы менен кенен таанышууну да максат кылышкан. Исмаил Шого үч ай мурда Бишкек шаарына келген жана орус тилин дагы да тереңдетип үйрөнүү аракетинде болгон. Ал эми Александра Сегура болсо орус тилин Англиядагы Сейнт Эндрю университетинен үйрөнгөн.
Бакай-Ата районуна Америкадагы Жон Хопкинс университетинде билим алып жаткан Сингапур мамлекетинин жараны Джонатан Тай менен Англиялык полиция кызматкери Донован Селлинг бөлүнгөн. Айта кетели Донован Алма-Атадан Бишкекке чейин велосипед менен келип, Ысык-Көлдү да түгөл кыдырып чыккан. Ал велоспортту жактырат жана аны менен дүйнө кыдырууну максат кылат.
Ал эми Ак-Ордо кичи районунда латвиялык Анастасия Озерка менен 2013-жылдан бери ыктыярчы катары таанылган англиялык Эндрю Бертон сабак беришүүдө. Анастасия Озерка өткөн жылдагы ыктыярчылар менен болгон иш багытынан кийин Кыргызстанда калып, чет тили мугалимдери менен жыл бою иштешип келди.
Атайы алыстан келишкен ыктыярчылардын дагы бир максаты Кыргызстандын тоолуу аймагын мүмкүнчүлүккө жараша кыдырып чыгуу жана кенен таанышуу, бир катар кыргыз үй-бүлөлөрдө жашашып, кыргыздын каада-салттары, тамак-ашы, үрп-адаты, улуттук кийимдери жана маданиятын үйрөнүү. Алардын белгилөөсүндө кыргыз калкы меймандос, ачык мүнөз, карапайым адамдар. Алардан көптү үйрөнсө болот. Ошол эле мезгилде башка улуттардан айырмаланган көптөгөн өзгөчөлүктөрү бар. Ал эми бул долбоорду ишке ашырып жаткан “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесине алар терең ыраазы экендиктерин билдиришүүдө. Быйылкы англис тилин үйрөтүү жайкы мектеби аяктагандан кийин да аталган уюм менен кызматташ болуу, кийинки жылдары да ыктыярчы катары келүү максаттары бар экендиктерин билдиришүүдө.
Бактыкан Ажымаматова