“Жашыл аймак” акциясы
24.05.2017 13:50
Ош областынын Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында өткөрүлгөн “Жашыл аймак” акциясына “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан түзүлгөн ӨЖТ топторунун мүчөлөрү да активдүү катышышты. Мады айыл аймагында “Дөлөт”, “Достук”, “Оомат , “Жакшылык” топ мүчөлөрү төрт чакырым аралыкты түзгөн аймактагы чоң жана кичине көчөдөгү арыктар тазаланып, андан соң 122 түп мөмөлүү дарактар, 256 даана тал терек, 230 түп ар түрдүү гүлдөр эгилди.
Кызыл-Кыштак айыл аймагында болсо “Терекзар,“Татына, “Ак жол”, “Байбол” ӨЖТ топ мүчөлөрү эки жарым чакырым аралыктагы чоң жана кичине көчөдөгү арыктарды тазалап, 110 түп мөмөлүү дарак, 116 тал терек, 188 түп ар түрдүү гүлдөрдү жана беш гектар эгин талаасына жаңы кулпунайдын сортун отургузушту. “Жашыл аймак” иш-чарасына Шарк айыл аймагындагы “Гүлбахар, “Акжол”, “Береке” топ мүчөлөрү да жигердүү катышып, үч жарым чакырым аралыкты түзгөн айылдагы чоң жана кичине көчөдөгү арыктарды тазалоодон өткөрүшүп, андан соң 260 түп мөмөлүү дарак, 206 тал терек, 380 туп ар түрдүү гүлдөрдү эгишип, элүү чарчы метр аянтты түзгөн жерге салат жалбырактарын отургузушту.
“Жашыл аймак” иш-чарасы бир жагынан айылдын санитардык тазалыгына салым кошсо, экинчиден айыл жашоочуларынын жашаган жерин таза кармоого, өз аракети менен айылдын өнүгүшүнө аз да болсо салым кошууга чакырык таштады.
Эрлан Давлатов, Ош облусу