“Китеп кербени 2021” активдүү катышышты
01.09.2021 10:23
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө”долбоорунун алкагында Базар-Коргон райондорундагы бир катар мектептерде уюшулган англис тили ийриминин катышуучулары “Китеп кербени-2021” иш чарасына активдүү катышышты.
Ийрим жетекчиси Айсулуу Орозованын айтымында “окуучулар жакы каникулда журшкөн болсо да, ийримдин сабактары үзгүлтүккө учурабай, буга чейинки үйрөнгөндөрүн кайталап жүрүшкөн. Себеби, чет тилин улам кайталап турбаса, тез эле унута башташат. Сабактарыбыз дээрлик онлайн форматында жүрүп турган. Ушул эле аралыкта ар кандай сынактарга да катышып турушту. Ал эми “Китеп кербени-2021” иш чарасына да активдүү окуучулар катышып, Памела Людвиг менен онлайн форматында жолугушуп,кызыккан суроолоруна жоопторду алышты.” Жер менен баарлашкан бала” аттуу аңгеме боюнча сүрөт тартышып, көркөм окуп беришти. Бул эмгектери үчүн атайын сыйлык да алышты. Ийримдин катышуучулары мындан сырткары Таш-Көмүр шаары жана Аксы районундагы мектептердеги англис тили ийримдеринн катышуучулары менен ZOOM байланышы аркылуу баарлашып, кызыккан суроолоруна жоопторду алып, таанышып да жатышты. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин англис тили мугалимдери тарабынан “Talking Club” өткөрүлдү. Мында университеттин мугалимдери тарабынан окуучуларга суроолор берилди. Баарлашуу жалаң англис тилинде жүрүп, балдар мында өздөрүнө пайдалуу көп нерселерди алышты.” - дейт, Айсулуу айым.
Кошумчалай кетели бул иш чарага ийримге катышкан Жалал-Абад шаарындагы Чынгыз Айтматов аймактык бшкаруусуна караштуу №7 Алым Усман атындагы орто мектептин эки окуучусу, Базар-Коргон районундагы Токтогул атындагы орто мектептен эки окуучу, №26 Кудайбердиев атындагы орто мектептен эки окуучу катышты.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу