118.07.2017   15:55

«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан быйылкы жылдын башынан бери кайрадан улантылып жаткан «Салтык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун алкагында долбоорго кирген Жалал-Абад шаарындагы Чынгыз Айтматов атындагы аймактык башкаруусуна караштуу Алым Усман атындагы №7 орто мектептеги БӨЖТ мүчөлөрүнүн катышуусундагы “Өкмөттүк эмес уюм жана анын чөйрөсү” аталышындагы көнүгүм кызыктуу жүрдү. Аны ушул тренингди алып барган Жанара Рыскулова белгилейт. Анткени, мектепте уюшулган алты БӨЖТ мүчөлөрү дээрлик анын активдүү катышуучулары болушкан.

- Азыркы кезде балдардын талабы таптакыр башкача экен. Алар көптү билгенге жана жаңыны жаратууга ынтызар экендигин байкадык. Кандай тапшырма берсек да, аны жан дилден аткарышып, билимдерин жогорулатууга аракет жасашат. Тренинг учурда БӨЖТлар бири-бири менен атаандашып, улам бири жаңы ой, жаңы идеяны сунуш кылып жатышканы биздин иштешибизди жеңилдетип жатты. Айрыкча “Кулпунай” БӨЖТсынын активдүү жана демилгелүү аракетин белгилеп айткым келет - дейт Жанара айым.

4

3

2

Бактыкан Ажымаматова
Жалал-Абад облусу боюнча долбоордун PR адиси