logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Жыл ичиндеги “Эң мыкты” өз жардам тобу аныкталды

106.12.2017  16:39

“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагында уюшулган 17 ӨЖТ топтун ичинен “Гүлбахар” ӨЖТсы 2017-жылда “Эң мыкты ӨЖТ” болуп “Эрайым” АКБсы тарабынан аныкталды.

Толугураак...

Бакай-Ата айылында ӨЖТ Биримдиги түзүлдү

106.12.2017   15:34

Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылында Улуу Британиянын CAF (Charities Aid Foundation) кайрымдуулук уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Аймактарда ӨЖТ Биримдиктерин түзүү” долбоорунун алкагында уюшулган өз жардам топторунун (ӨЖТ) жалпы жыйыны болуп өттү.

Толугураак...

Өрнөк айылында ӨЖТ Биримдиги түзүлдү

104.12.2017  16:39

2017-жылдын 21-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылында Улуу Британиянын CAF (Charities Aid Foundation) кайрымдуулук уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Аймактарда ӨЖТ Биримдиктерин түзүү” долбоорунун алкагында “Аракет”, “Насыят”, “Асема” жана “Ынтымак” өз жардам топторунун башын бириктирген ӨЖТ Биримдигин түзүү боюнча жалпы жыйын болуп өттү.

Толугураак...

“Ыраазычылык айтуу” кездешүүсү

330.11.2017  16:41

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы долбоорго кирген мектептерде “Англис тили” ийримин жетектеп жаткан Айсулуу Орозова чет тилин азыркы талапка ылайык, тереңдетип үйрөтүүнүн ыкмаларын колдонуп келет.

Толугураак...

Айыл калкы юридикалык жардамга муктаж

130.11.2017   15:56

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып келген “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин бекемдөө” аталышындагы долбоордун алкагында уюшулган юридикалык жардам көрсөтүү кызматы элеттиктер үчүн бир катар укуктук жардамдарды берип жаткандыгы жакшы жышаана болду.

Толугураак...

Аракетчил бала Куштарбек

224.11.2017  17:35

Адилбек уулу Куштарбек Базар-Коргон районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин 9-классында окуйт. Атасы ал жаңыдан жарк дүйнөгө келгенде эле каза болгон экен.

Толугураак...

“Бакыт” санаториясы кайрадан БӨЖТнын балдарына өз эшигин ачты

124.11.2017   17:25

Жалал-Абад шаарында жайгашкан, балдардын ден соолугун калыбына келтирүүчү “Бакыт” реаблитациялык борбор кайрадан БӨЖТнын балдары үчүн өз каалгасын ачты. Мындай дегенибиз мындан бир канча убакыт мурда эле отуздан ашуун бала келип, дарыланып, эс алып кетишкен эле.

Толугураак...

Балдардын көңүлүндөгү көйгөйлөр

010.11.2017  15:22

Германия мамлекетинин “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму тарабынан колдоого алынып, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад жергесинде “Форум театр” ийрими да иштеп келет.

Толугураак...

Балдардын достугун арттыруу

110.11.2017  15:11

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган Жалал-Абад шаарындагы №7-Алым Усман атындагы орто мектептеги “Лидерлик” ийриминин мүчөлөрү Жалал-Абад шаарындагы “Ак Бермет” үй-бүлө тибиндеги Балдар үйүндө болушуп, достук жана ынтымак, биримдик, тынчтык багытында атайын маданий иш чара уюштуруп кайтышты.

Толугураак...

“Тазалыкты сактайлы” акциясы

110.11.2017   14:50

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Колот айылында жайгашкан Ысак Тешебай уулу атындагы орто мектебинде уюшулган “Лидерлик” клубунун мүчөлөрү “Тазалыкты сактайлы” акциясын уюштурушту.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru