logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Жакшы жашоонун баркы - аракетте

106.01.2018  09:00 

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Рахила Жусупова менен маек:

- Рахила айым, эски жылды узатып жатканда, артка кылчая карап, “бул жыл кандай өттү, эмне жумуштар жасалды, эмнеге жеттик жана дагы эмнелерди жасай албадык? - деген өңүттөгү собол ар бирибиздин оюбузда турат. Андыктан ушул суроону Сизге узаткым келип жатат.

- Эң алды менен биздин максаттуу топторубузду, өнөктөштөрүбүздү жана “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жамаатын кирип келе жаткан 2018-жыл жаңы жыл майрамы менен чын ыкласымдан куттуктаймын. Ар бирине бекем ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк ынтымак, бакубатчылык каалаймын. Жергебизде тынчтык, элибизде бекем достук жана биримдик болсун!

Толугураак...

Эне мектептердеги жаңы-жылдык майрам

104.12.2017    17:15

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош дубанынын Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында бүгүнкү күндө “Эрайым”АКБсы тарабынан ачылып иштеп жаткан Эне мектептерде жаңы-жылдык майрам уюштурулду.

Толугураак...

Эң мыкты ӨЖТ, БӨЖТ сынагы жыйынтыкталды

124.12.2017  16:17

Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында Ош дубанынын Кара-Суу районундагы Мады, Кызыл-Кыштак, Шарк айыл аймактарында “Эрайым”АКБсы тарабынан уюшулган чоңдордон жана балдардан түзүлгөн ӨЖТ мүчөлөр ошондой эле англис тил, орус тил, лидерлер, форум-театр, этноансамбль ийримдеринин демилгеси менен Мады айыл аймагындагы № 86-Курманжан Датка атындагы мектебинде “Эң мыкты ӨЖТ, БӨЖТ” сынагы болуп өттү. Аталган иш-чарага айылдын жашоочулары, мугалимдер, ийримге катышкан балдардын ата-энелери, ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөрү катышты.

Толугураак...

Мектептерде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чаралар жыйынтыкталды

524.12.2017  15:30

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы №116-Абу Али ибн Сино, № 86-Курманжан Датка, №117-К.Маткеримов атындагы орто мектептеринде залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган “Аалам алпы – Айтматов” аталышындагы иш-чаралар топтому өттү.

Толугураак...

Акысыз укуктук кеңеш алган жарандар ыраазы

124.12.2017   13:51

“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун Ош дубаны боюнча укуктук кеңешчиси Дилшод Кадирходжаевден долбоор аймагындагы жашоочулар бир топ акысыз укуктук жардамдарды алышты.

Толугураак...

Эне мектептеринин сапатын көтөрүү

123.12.2017   17:29

Ош дубанынын Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы эне мектептеринин чогулушу 2017-жылдын декабрь айында Шарк айыл аймагындагы № 116-Абу Али ибн Сино атындагы мектепте болуп өттү.

Толугураак...

Ат-Башы айылында ӨЖТ Биримдиги түзүлдү

123.12.2017  16:55

2017-жылдын Бештин айынын он төртүндө Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында Улуу Британиянын CAF (Charities Aid Foundation) кайрымдуулук жардам берүү фонду тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Аймактарда ӨЖТ Биримдиктерин түзүү” долбоорунун алкагында өз жардам топторунун (ӨЖТ) жалпы жыйыны болуп өттү.

Толугураак...

Ош шаарында «Суу менен дарылоо бөлмөсү» ачылды

1

12.12.2017  17:48

2017-жылдын 3-декабрында “Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө” карата Ош шаарынын “Аяр бала” кыймыл аракетинен мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборунда “Суу менен дарылоо бөлмөсү” ачылды.

Толугураак...

Орус тил ийриминин катышуучусу олимпиаданын жеңүүчүсү болду

112.12.2017   17:33

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө”долбоорунун алкагында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында жайгашкан №16-Аби Али Ибн Сино, № 117- К. Маткеримов, № 86- Курманжан Датка атындагы орто мектептеринде беш ийрим түзүлүп иштеп келүүдө, анда балдар акысыз ал ийримдерге катышып, кошумча билим алышууда жана өнөр үйрөнүшүүдө.

Толугураак...

Чаек жана Көк-Ой айылдарында ӨЖТ Биримдиги түзүлдү

112.12.2017  16:25

2017-жылдын Бештин айынын биринде Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек жана Көк-Ой айылдарында Улуу Британиянын CAF (Charities Aid Foundation) кайрымдуулук уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Аймактарда ӨЖТ Биримдиктерин түзүү” долбоорунун алкагында өз жардам топторунун (ӨЖТ) жалпы жыйыны болуп өттү. Жыйындын негизги максаты “Чаек” жана “Көк-Ой” айылдарында туруктуу иштеп жаткан өз жардам топторунан ӨЖТ Биримдиктерин түзүү.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru