«Эрайым» АКБнын кызматкерлери жана Этноансамбль ийриминин таланттуу катышуучулары кароо сынака кытышты
24.03.2018 18:53
“Аймактарды өнүктүрүү” жылынын алкагында, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган Ош областынын тургундары арасында “Улуттук салтуу ырлар” кароо сынагы 2018-жылдын 19-март күнү Ош шаарындагы “Келечек” балдар чыгармачылык борборунда болуп өттү.
ӨЖТ мүчөлөр “Кыргыз көчү” көргөзмөсүнө катышты
24.03.2018 18:34
Үстүбүздөгү жылдын 17-марттында 3017-жылдык тарыхы бар Ош шаарындагы Ош Улуттук драм театрында Сармерден оюну болуп, анда Чоң-Алай менен Кара-Суу райондорунун таланттары беттешти.
Долбоор үчүн маанилүү окуу-көнүгүм
24.03.2018 18:15
Бишкек шаарында "Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана Медиатехнологиялар Мектеби" тарабынан "Медиа аркылуу экстремизм жана жек көрүүчүлүктү жайылтуунун алдын алуу" деген аталышта үч күндүк окуу көнүгүм өтүп, ага сынактын негизинде “Эрайым”АКБсынын Ош облусундагы коомчулук менен байланыш түзүү кызматкери Давлатов Эрлан катышып “Медиада экстремизмдин жана башка терс көрүнүштөрдүн жайылышын алдын алуу” деген темадагы сертификатка ээ болуп келди.
Нооруз көркү – сүмөлөк
23.03.2018 17:21
Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым”АКБсы тарабынан “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун алкагында уюшулган “Навбахар”, “Бектурсун ”, “Байбол”, “Ак ниет” ӨЖТ мүчөлөрү баш болгон 2018-жылдын 15-март күнү элдердин достугун бекемдөө максатында жана улуттар аралык биримдикти чыңдап Нооруз майрамынын урматтына сүмөлөк кайнатышты.
Шаркта “Достук” футбол эстафетасы башталды
16.03.2018 14:24
2018-жылдын 9-10-март күндөрү Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында «Эрайым» АКБсы тарбынан уюшулган “Лидерлик” ийриминин активистери жана БӨЖТ мүчөлөрдүн демилгеси менен мектеп окуучуларын сергек жашоого үндөө, спортко кызыгуусун арттыруу, мектептеги рэкетчиликти жоюу менен окуудан тышкаркы иш-чараларга да жигердүү катышууга жана ошондой эле мектептер ортосундагы өз ара мамилени арттыруу, окуучулар арасындагы коомдук-социалдык абалды жакшыртуу жана достук көпүрөсүн чыңдоо максатында футбол мелдешин уюштурушту.
Эне мектебине демөөрчүлүк жардам
16.03.2018 11:57
“Эрайым” АКБсы тарабынан 2016-жылдан бери Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак, Мады айыл аймактарында 20 эне мектеби, ал эми долбоордун сырткы аймактарында кыйыр 4 жалпы Ош облусу боюнча 24 эне мектеби ачылып иштеп келе жатат.
Мадыда мектеп окуучуларынын көйгөйлөрүнө арналган тегерек стол болуп өттү
16.03.2018 11:37
Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмдөрү балдарды ыймандуулукка, адептүүлүккө жана маданиятуулукка тарбиялоо жана балдар арасындагы ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулук, мектеп рэкетчилиги, суицидге каршы күрөшүү багытында атайын иш-чара бекиткен.
Котормочу болгусу келген кыз
28.02.2018 17:22
Базар-Коргон районундагы №35-Тешебай уулу Ысак атындагы орто мектептин тогузунчу классында Сезим аттуу кыз окуйт. Ал бардык сабактарынан мыкты окуганга аракет жасайт. Айрыкча англис тилине өтө кызыгат.
Кайрымдуулук акциясы
28.02.2018 17:14
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызсандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарынын мектептеринде уюшулган Балдардын өз жардам топторунун мүчөлөрү үчүн Кайрымдуулук акциясы уюштурулду.
“АКЫЛДУУ АТА-ЭНЕ - БАКТЫЛУУ БАЛА”
28.02.2018 16:58
Кыргызстандагы экономикалык, саясий өзгөрүүлөр, жумушсуздук жана миграция ар кандай социалдык маселелерди жаратууда. Бул өз кезегинде үй бүлөлөрдүн жана балдардын абалына терс таасирин тийгизүүдө.