logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү менен баарлашып

216.11.2018  17:38

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин башкы офисиндеги өкүлдөр атайын келишип, аталган уюмдун аракети менен ишке ашып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында иштеп жаткан долбоорго кирген аймактардагы Өз жардам топторунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүштү.

Толугураак...

Асфальтталган жана коопсуз көчө менен жүрүү кандай жагымдуу

108.11.2018  18:52

Шарк айыл аймагында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан түзүлгөн “Шарк” Биримдигиндеги “Ак ниет”, “Акжол”, “Навбахор” ӨЖТ мүчөлөрү айыл аймак жетекчилиги жана шаардык жол башкармалыгы менен өнөктөш болуп С. Шарипов, Кош-Таш, А.Парпиев чоң көчөлөрүнө шагыл төктүрүлдү, заманбап техникалар менен сапаттуу асфальтталды жана жөө адамдар басып өтүүчү жол сызыгы, белгилери коюлду.

Толугураак...

ӨЖТ Биримидигине “Күнөскана чарбасы” көнүгүмү уюштурулду

108.11.2018  18:17

“Эрайым” Аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун “Өз жардам топторунун мүчөлөрүнүн жана ӨЖТ Биримдигинин дараметин көтөрүү” компонентин ишке ашыруу үчүн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак, Мады айыл аймактарында уюшулган топторго 26-27-28-октябрь күндөрү “Күнөскана чарбасы” аталышындагы 15 саатык окуу көнүгүм өтүлдү. Окуу көнүгүм агроном, айыл чарба (бак жана күнөскана, органика) боюнча кеңешчи, дассыккан машыкчы Тойчубай Маматов тарабынан өткөрүлдү.

Толугураак...

Кара-Суудагы энелер мектептерине тиричилик техникалары берилди

008.11.2018  17:45

1-ноябрь Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак, Мады айыл амактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору тарабынан ачылып иштеп жаткан 15 энелер мектептерине Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун каржылоосу менен бирден кондитердик ашкана меши жана муздаткыч жалпы 15 муздаткыч жана 15 кондитердик ашкана мештери берилди. Айыл жерлеринде бала бакча ордун баскан бул Энелер мектебине жабдыктарды «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесини тапшырды.

Толугураак...

Эне мектептеринин муктаждыктары чечилди

003.11.2018   11.47

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен Кыргызстандын аймагында, анын ичинде Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон жана Акман айыл аймактарында ишке ашып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган Эне мектептери уюмдун атынан дагы бир баалуу белекке ээ болушту.

Толугураак...

ӨЖТ тастыктамасы Казакстанда

102.11.2018   20:38

2018-жылдын 27-28-октябрында «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин өз жардам топтору (ӨЖТ) боюнча эксперттери Абдылас Кошумбаев жана Эльмира Сепишова Казакстан Республикасынын Алмата шаарында иштеп жаткан «Оперэйшн Мерси» эл аралык уюмунун чакыруусу менен ал уюмдун кызматкерлерине жана алардын максаттуу топторунун 20 мүчөсүнө ӨЖТнун тастыктамасы (концепциясы) жөнүндө көнүгүм өткөрүү максатында иш сапарда болуп кайтышты.

Толугураак...

Мады айыл аймагында Кыздар күнү белгиленди

122.10.2018  17.50

11-октябрда Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы №86-Курманжан Датка окуу комплексинде “Эрайым”аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюушулган Лидерлик, Англис тил, Орус тил, Этноансамбль, Форум-театр ийримдеринин активистери жана балдар Өз жардам топтору тарабынан Кыздар күнү белгиленди.

Толугураак...

“Карылар – турмуш туткасы!”

122.10.2018  17:30

1-октябрь «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында уюшулган “Бүчүр”, “Оомат”, “Тумар”, “Дөөлөт”, “Жакшылык”, “Ынтымак”, “Элдос” БӨЖТ мүчөлөр улуу муундун өкүлдөрүн Эл аралык карыялар күнүнө карата үйлөрүнө барып, кабар алып куттуктап, карыяларга жардам беришти.

Толугураак...

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жаш лидерлерди колдоо

Bermet

03.10.2018  23.11

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси Түштүк Кореянын “Силоам” көзү азиздер борборунун колдоосу алдында “Тең мүмкүнчүлүктөр” социалдык борборунун долбоорунун алкагында Нурлан кызы Турсунайга жана Ракымбаева Бермет Орозобековнага 300 АКШ доллары өлчөмүндө стипендияларды алып берүүгө көмөктөштү.

Толугураак...

“Форумчулар” кыргыз-тил майрамын өткөрүштү

103.10.2018   20:56

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында долбоорго кирген мектептерде уюшулган форум театр ийриминин мүчөлөрү азыркы кезде эң актуалдуу жана көйгөйлүү деп эсептелген маселелерди көтөрүп чыгып, аны сценка катары даярдап, көрүүчүлөрдүн талкуусуна коюп келишет.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru