“Эрайымдын” колдоосу менен көйгөйүн чечкен айым
26.04.2019 11:50
Халикулова Феруза Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын тургуну. Жалгыз бой жашайт. Үч баласын өзү жалгыз багып келе жатат. Эң кичүү уулу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин катарында. Аны чоңойтуу үчүн да Феруза айым көп кыйынчылыктарды тартып келет.
Тажрыйба алмашуу иш-чарасы ийгиликтүү өттү
22.04.2019 15:47
2019-жылдын 20-апрелинде Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун каржылоосунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Ош жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун Өз жардам топторунун, Балдар өз жардам топторунун жана Эне мектептеринин эки облустагы ишмердүүлүгү боюнча Ош шаарында тажрыйба алмашуу иш чарасы өттү.
“Эрайым” уюму Кызыл Жарым Ай Коому менен биргеликте кайрымдуулук иш чарасын өткөрдү
11.04.2019 10:15
Ушул жылдын 5-6-апрелдеринде “Эрайым” уюмунун Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районуна караштуу Шарк жана Мады айылдарындагы №86-Курманжан Датка, №16-Абу Али ибн Сино атындагы орто мектептеринде кайрымдуулук иш чарасы уюштурулду. Иш-чара “Эрайым” уюмунун демилгеси менен уюштурулуп, Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун катышуусу менен өткөрүлдү.
“Периште” эне мектеби сүмөлөк бышырды
11.04.2019 9:56
Жаздын келиши менен ушул мезгилдин брендине айланган сүмөлөк тамагын бардык жерде кайнатышат. Бул деген ”сүмөлөктүн тилеги жакшы болот, ким сүмөлөк кайнатса, анын сообу көп” деген ниет менен бышырышат. Адатка айланып калган мындай көрүнүштөн Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагына караштуу “Периште” эне мектебинин жамааты да четте калышкан жок. Мында иштеген тарбиячылар, алардын жардамчылары өз колдору менен буудай өндүрүшүп, анан сүмөлөк бышыруунун бардык эрежелерин сактоо менен, “Уумай эненин тамагы” деп эсептелген сүмөлөктү даярдап алышты. Алардын мындай аракетине мында тарбияланып жаткан киичнекейлердин апалары да келишип, кол кабыш көрсөтүштү.
ӨЖТ Биримдигинин биргелешкен элдик майрамы
04.04.2019 15:45
Элет калкынын активдүүлүгүн көтөрүү, социалдык-экономикалык жашоо абалын жакшыртуу, демилгелерин колдоо жана жер-жерлердеги көйгөйлүү маселени калктын өзүнүн демилгеси, уюштуруусу жана катышуусу менен жөнгө салууга таасир этүү багытындагы долбоорду ишке ашырууда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси алдыңкы сапта турат.
Орус поэзиясынын классиги А.С.Пушкиндин ырлары көркөм окулду
04.04.2019 15:22
Акыркы кездери жаштар да улуу муундагылар да китеп окуганды унутта калтырышып, жалан гана Интернет булактарына азгырылып калгандыгы чындык. Бул азыркынын башкы көйгөйү болуп калды. Андыктан мындай жагдайды эске алган Базар-Коргон райондук китепканасынын башчысы Жаркынай Каримова өзү жер-жерлерди кыдырып, айылдык китепканалардагы окурмандар менен жолугушууларды уюштуруп жатат.
Эне мектептери тажрыйба алмашышты
04.04.2019 14:53
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкаылштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бенкемдөө” долбоорунун алкагында Ош жана Жалал-Абад облустарында иштеп жаткан эне мектептери бири-бири менен тажрыйба алмашуу сапарларын башташты.
Англис тил ийриминин катышуучуларынын ийгилиги
04.04.2019 12:43
Германия мамлекетинин “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму каржылоосунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусу боюнча иштеп жаткан ийримдердин арасынан англис тили ийриминде жаралган ийгиликтер тууралуу көп сөз кылууга болот.
Кут толгон Нооруз – достуктун майрамы
28.03.2019 11:09
Үстүбүздөгү жылдын 21-мартында Кызыл-Кыштак, Шарк айыл аймактарында “Эрайым” уюмунун “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун алкагында уюшулган ӨЖТ Биримдиктери жана ӨЖТ, БӨЖТ топтун жигердүү мүчөлөрү тарабынан “Кут толгон Нооруз – достуктун майрамы” иш чарасы уюштурулуп, Ишкаван, Шарк айылдарында салтанаттуу түрдө белгиленди.
“Раяна” эне мектебиндеги Нооруз майрамы
27.03.2019 16:50
“Раяна” эне мектебиндеги Нооруз майрамы Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районунун Колот айылында уюшулган “Раяна” эне мектеби азыр өз жолуна түшүп калды.