logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

БУУнун адам укуктары боюнча жалпы декларациясына 70 жыл

129.12.2018  09.35

“Smile.KG” коомдук фонду тарабынан «Адам укуктарынын жалпы декларациясына 70 жыл» аталышында студент жаштардын жана волонтерлордун арасында жыйын болуп өттү. Иш чарада Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде кабыл алынган Декларациянын адам укуктарын коргоодогу орчундуу орду боюнча адистер кеңири баяндама беришти.

Толугураак...

Достукту даңазалаган этнофестиваль

329.12.2018  09.20

2018-жылдын декабрь айында ар улуттун балдарынан куралган этнофестиваль болуп өттү. Иш чара Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоору тарабынан ачылган Этноансамбль ийрими тарабынан уюштурулду.

Толугураак...

“Ат-Башы” ӨЖТ Биримдигинин ийгиликтери

106.12.2018  20:31

“Ат-Башы” ӨЖТ Биримдиги Нарын облусунун Ат-Башы районунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташуунун алкагында 2015-жылдан бери жыл сайын республикалык деңгээлде “Шырдак” фестивалын уюштуруп жана өткөрүп келишет.

Толугураак...

Долбоордун алкагында техникалык көнүгүмдөр өтүлдү

106.12.2018  20:13

“Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун “ӨЖТ мүчөлөрүнүн дареметин көтөрүү” компонентинин алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак, Мады айыл аймактарындагы ӨЖТ мүчөлөрүнө техникалык көнүгүмдөр 2018-жылдын 15-25-ноябрлар аралыгында өткөрүлдү.

Толугураак...

Эне мектептериндеги “Алтын күз”

105.12.2018  16:53

Дасторкон берекеге толгон күз мезгилинде бардык жерде “Алтын күз” майрамы белгиленет. Мында негизинен мындай иш чара окуу жайлар менен мектептерди, балдар мекемелерин кучагына алат.

Толугураак...

Эркеликтин азабы форум театрда

104.12.2018  18:18

Элибизде “кызга кырк үйдөн тыюу”, “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”, “Жакшы кыз-жакадагы кундуз” деген сыяктуу нарктуу сөздөрүбүз кылымдардан бери муун улап, жашап келет. Анын да жөнү бар. Кыргыз эли кыз баланы аздектеп, кадырлап келген жана ошол эле мезгилде аны турмушка эң жакшы сапаттар менен кошо даярдаган.

Толугураак...

Окуучулар Чынгыз Айтматовдун теле-интервьюсун көрүштү

019.11.2018   15:37

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусу борюнча долбоорго кирген аймактарда юрист катары иш алып барып жаткан Гулнара Ташиева мектеп окуучулары үчүн атайын иш чара уюштурду.

Толугураак...

«Энелер мектеби” программасынын автору Усенко Лилия Валерьяновнанын долбоор аймагына болгон сапары

119.11.2018  15:07

Өлкөбүздөгү эң көйгөйлүү маселелердин бири мектеп жашына чейинки балдарды камкордукка алып, аларга толук кандуу таалим-тарбия, билим берүү менен катар мектепке даярдоо. Балдар бакчаларынын жетишсиздигинен көп кыйынчылыктар жаралып келген, бул көйгөйдү чечүү максатында “Энелер мектептерин” ачуу учурдун муктаждыгы экенине түшүнүп жеттик дейт Энелер мектебинин негиздөөчүсү Усенко Лилия Валерьяновна.

Толугураак...

Залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата

Aitmatov19.11.2018   11:17

«Эрайым» АКБсы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагына караштуу Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте уюшулуган орус тили жана Форум театр ийриминин жетекчилери Аксана Давлетова менен Бактыкан Ажымаматовалардын уюштуруусунун алдында кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын “Кыямат” романынан сценка даярдалып, аталган мектептин окуучуларына тартууланды.

Толугураак...

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан эне мектептерге берилген жардам

016.11.2018   18:44

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасындагы “Энелер мектеби” социалдык долбоорун ийгиликтүү жүзөгө ашыруу максатында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен кызматташуунун алкагында 150000 (жүз элүү миң) сом өлчөмүндөгү грантты жардам иретинде берди.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru